Экономика жана тынчтык институту (IEP) Исландияны дүйнөдөгү 163 өлкөнүн ичинен "эң тынч мамлекет" деп мүнөздөдү. Баш кеңсеси Сиднейде жайгашкан бул уюм 17-июнда "Дүйнөлүк тынчтык индекси-2021" аттуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Исландиядан кийинки орунга Жаңы Зеландия, Дания, Португалия жана Словения чыкты.
Бул тизмеде Ооганстан, Йемен, Сирия эң акыркы сапка түшүп, тынчтык жок өлкөлөр катары сыпатталды. Казакстан 67, Кыргызстан 76, Тажикстан 97, Өзбекстан 90-орунду ээлеген. Уюмдун рейтингинде дүйнө өлкөлөрүндөгү коопсуздук, ички чыр-чатактар, саясий туруксуздук, кылмыштуулуктун деңгээли сыяктуу бир катар факторлор эске алынган.
Баяндамага ылайык, соңку бир жыл ичинде COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөдө куралдуу жаңжалдар азайганына карабастан, зомбулук менен коштолгон жарандык акциялар, саясий туруксуздук күчөгөн.
2020-жылы дүйнө өлкөлөрүндө 15 миңге чукул демонстрациялар, митингдер жана полиция менен кагылышуулар катталган. Бул бир жыл мурдагыга караганда 10% көп.
Баяндамага ылайык, зомбулук менен коштолгон демонстрациялар көбөйгөндүктөн, акыркы беш жыл ичинде биринчи жолу Орусиянын жана Евразия чөлкөмүнүн көрсөткүчтөрү начарлаган. Эң ири демонстрациялар өткөн өлкөлөрдүн сап башына Беларус чыккан.
Дагы караңыз
Чүйдүн үч районунда жарык өчтүМарипов: ЖЭБди газга өткөрүү иши токтодуБейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттүДайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жакындары элден жардам сурады Алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Балян үй камагына чыкты