Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-июнда, коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган долбоор каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу.

Документте коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болору жазылган.

Бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бейөкмөт уюмдар өзүнчө мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок экенин, ансыз да тийиштүү органдарга бардык талаптар боюнча отчёт берип турарын айтып келишет. (MiK)

XS
SM
MD
LG