Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Кытайдын элин жана лидери Си Цзиньпинди Коммунисттик партиянын 100 жылдыгы менен куттуктады.
Жапаров коңшу мамлекеттин жетишкендиктерине кеңири токтолуп, Кытайдын өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген. Ошондой эле ал кыргыз-кытай шериктештиги тууралуу да сөз кылган.
“Кыргызстан менен Кытай - ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды”, - деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 1 миллиард долларга жакын.
Мындан тышкары Кыргызстандын 5 миллиард долларга жакын тышкы карызынын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (MiK)
Дагы караңыз
Чүйдүн үч районунда жарык өчтүНавальный орус президенти Путинди "калпычы" деп атадыЖогорку Кеңеш өкмөттүн кризиске каршы маалыматын уктуМарипов: ЖЭБди газга өткөрүү иши токтодуБейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттүӨзбекстанда 20 киши экстремизмге шектелип кармалдыДайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жакындары элден жардам сурады