Анда Жогорку Кеңешке пропорционалдык система боюнча шайлоодо "ар бир үчүнчү депутат аял болушу керек" деген жобо камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду.
Аял саясатчылар, коомдук ишмерлер жана активисттер катышкан иш-чара Бишкекте өттү. Ага жергиликтүү кеңештерге соңку шайлоодо жеңип чыккан кырктан ашуун депутат аялдар өлкөнүн бардык райондорунан чакырылган.
Арасында Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлзаада Кермакунова да бар.
Ал 11-апрелдеги шайлоодо адегенде жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган. Өткөн жумада айыл өкмөт кызматына да талапкерлигин көрсөтүп жеңип чыккан. Бирок анын утушу баарына эле жага бербегендей.
"Депутат болгонумда баары эле куттуктап жаткан. Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигимди коюп, жеңип чыкканымдан кийин эмнегедир эркектер арасында суз мамилени байкадым. “Эмнеге аялды койдуңар?”, “Эмнеге жаш?”, “Эркекти эмнеге койбодуңар?” деген сөздөрдү угуп жаттым. Бул кайрадан мага күч берди. Буга чейин керектүү тажрыйбам бар эле. Көп окуулардан өткөм. Ишти ишенимдүү түрдө алып кетем деген ойдомун".
Дагы караңыз Шайлоо: президентке сунушталган эки долбоорТаластын Манас районундагы Май айылдык кеңешинин депутаты Каниет Сейтказиева шайлоо өнөктүгүндө ачык эле бут тосууларды башынан өткөргөнүн айтып берди:
"Үй-бүлөмө чейин келишпедиби. "Сен жашсың. Депутат болуп эмне кыласың" дешти. Аябай эле көп тоскоолдуктар болду. Мурдагы депутаттар келип жатышты. Бардык кыйынчылыктарды жеңип чыктым. Буга менин жакындарым, күйөөмдүн колдоосу себеп болду деп ойлойм".
Бишкектеги иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар түзүмү, Өнүктүрүү программасы кыргыз өкмөтү менен биргеликте уюштурган.
Бир четинен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын үлүшү 10% 39% жогорулаганын майрамдоо, экинчи жагынан шайлоодо жана андан кийин кабылган тоскоолдуктар тууралуу талкуулар менен коштолгон жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, президенттин жубайы Айгүл Жапарова модераторлук кылышты.
Айгүл Жапарова депутаттарды куттуктап, жергиликтүү кеңештердеги секирик алдыда боло турган Жогорку Кеңешке шайлоодо кайталанарына ишене турганын айтты:
"Бул көрүнүшкө кубанып отурабыз. Эми парламентке шайлоодо да айымдар келип алса, көп маселе чечилерине ишенем. Алардын негизгиси - балдар маселеси. Биз кай жерде болбосун көйгөйлөрдү көтөрөлү. Чогуу чечели. Сиздерге күч-кубат каалайм".
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге соңку шайлоодо аялдардын катышуусунун жыйынтыгын жарыялады. Жогорку Кеңешке пропорционалдык система боюнча шайлоодо "ар бир үчүнчү депутат аял болушу керек" деген эреже камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын билдирди:
"Мурдагы мыйзамда талапкерлер тизмесиндеги ар бир төртүнчү адам аял деп көрсөтүлгөн болсо, бул мыйзам долбоорунда ар бир үчүнчүсү аял болсун деп так көрсөтүлгөн. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал президенттин сайтына да жарыяланган. Бул да болсо мамлекеттин аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүгө ынтызарлыгы деп айтсак болот".
Дагы караңыз Бишкекте шайлоонун табы кайта элекБУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдары жана аялдардын саясаттагы орду тууралуу мындай ою менен бөлүштү:
"Кыргызстанда компетенттүү аялдарга өкмөттүк кызматтарга жана шайлоолорго чакыруулар көп эле болорун изилдөөлөр көрсөттү. Патриархалдуулукту биринчи кезекте өзүбүз жаратабыз. Үй-бүлөдөгү мамилелер. Эгер аял өзүнүн жакындарынан, тагырагы байкесинен, күйөөсүнөн, кайненесинен колдоо тапса, анда шайлоого барат. Бул - коом көрсөтө алчу эң башкы колдоо. Акыр-аягы “Аялдын колунан эмне келет?”, “Аялдын потенциалы барбы?” деген сөздөрдү көп эле угуп калабыз. Албетте, аялдын колунан келет. Эмне үчүн биз ушул суроолорду эркекке бербейбиз? Ушул стереотип бар. Мындан тышкары "аялдын орду ашканада" деген кептерди угуп калабыз. Менин көз карашымда, ашкана же очоктун бою маанилүү маселелер чечиле турган жер. Биз бул суроолорго мамилебизди өзгөртүшүбүз керек. Аялды өз ыктыярына коюшубуз керек. Бул нерсе үйдөн башталышы керек. Шайлоого бараткан аялга эмнеге бул кадамга баратканын сурабай, жөн гана колдоо керектигин түшүнүшүүгө тийишпиз".
Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын үлүшү мурдагыдай 10% эмес, 39% жогорулады. Башкача айтканда, жалпы 7560 мандаттын 2931и аялдардын энчисине тийген.
Шайлоо өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңеште өткөн. Учурда 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушту. Ал эми 13 айыл өкмөтүнө аялдар башчы болуп шайланды.
Шайлоодо бут тосууну жеңген лидер аялдар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.