Кыргызстандагы эң ири Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.
Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо дайындап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) календардык планды бекитти. Ага ылайык, жогоруда аталган үч шаардагы шайлоого катыша турган партиялар 13-июнга чейин аймактык шайлоо комиссиясына документтерди тапшырышы керек.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-июндан 10-июлга чейин жүрөт. Ал эми шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 9-июнда жарыяланып, акыркы тизме 9-июлда илинет. Шайлоого катыша турган партиялар талапкерлердин тизмесин 20-июнга чейин аймактык шайлоо комиссиясына бериши абзел.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шайлоо мөөнөтүнүн кыскарып жаткан себебин түшүндүрүп берди.
“Кайра шайлоо болуп жаткандыгына байланыштуу шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат. Ошон үчүн үгүт иштери мурдагыдай 30 күн эмес, 20 күн болот. Азыркы учурда Бишкектеги шайлоого катышуу ниетин “Социал-Демократтар” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары билдирди. Саясий партиялар 13-июнга чейин документтерин тапшырып, шайлоо фонддорун түзүп, съезд өткөрүшү керек. Партиялар тапшырган документтер бир жума ичинде текшерилип, 21-июнда үгүт башталат”.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого “Туран” партиясы дагы катыша турганы маалым болду. Анын лидери Жеңиш Молдокматов “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бишкектеги добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгышына Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар "жараксыз" деп табылганы негиз болду.
Ал эми Токмокто айрым батирлерге жапырт каттоого турган жарандар шайлоого катышса, Ош шаарында шайлоонун купуялуулугу сакталбай калганы айтылды.
БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев Кыргызстандын шайлоо жөнүндө мыйзамдарында талапкерлердин гана жоопкерчилиги каралганын айтып берди.
“Мыйзамга ылайык, күнөөсү далилденген талапкерлер гана шайлоого катыша албайт. Ал жерде партиялар жөнүндө сөз жок. Мыйзамда көрсөтүлбөгөндөн кийин аймактык шайлоо комиссиясы кайсыл бир партияны каттоодон баш тарта албайт. Шайлоодо ар кандай ыкмалар колдонулат экен. Анын баарын мыйзамга жазыш мүмкүн эмес. Ошентсе дагы бүгүнкү кадамдар шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды азайтат. Бирок толугу менен жок кылбайт”.
Ал арада Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып эки айга камалса, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров маяналарга байланыштуу кылмыш ишинде фигурант болууда.
Абиров Бишкектеги шайлоону жеңип чыккан “Эмгек” партиясынын тизмесин баштап барган. Ал социалдык тармактагы жеке баракчалары аркылуу өзү тууралуу айтыптарды четке какты.
Азиз Суракматов Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын (КЭДП) штабын жетектеген. Партиянын негиздөөчүсү Артур Медетбеков ушундай жол менен КЭДПны каралоо жүрүп жатат деп эсептейт.
“Суракматовдун кармалышы, ал аркылуу биздин партиянын караланып жатышы саясий оюндардан кабар берет. Анын үстүнө мурдагы мэрди шайлоонун алдында кармап жатат. Жаманбы-жакшыбы Суракматовдун колдоочулары бар. Алар добуш берүү күнү өз тандоосун жасашкан. Ушундай жол менен Кыргызстан элдик демократиялык партиясын алсыратууну көздөп жатышат. Биздин партия 11-июлдагы шайлоого катышат. Жакын арада документтерди тапшырабыз”.
Кыргызстанда соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Анын 38 миллиону шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарына туура келген. Эми аталган калааларда кайра шайлоо өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом керектелери белгилүү болду.
Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуу Журт” саясий партиясынын лидери Мирлан Орозбаев шайлоону уюштурууга жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арыз жазды. Ал мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып жатат.
“Жөнөкөй жаран 5 миң сом зыян келтирсе, аны дароо камап салышат. Ал эми үч шаардагы шайлоого эле 30 миллион сомдон ашык акча короду. Буга бирөө жарым жооп бериши керек да. Аталган каражат мэрдин эмес, элдин чөнтөгүнөн кетти. Шайлоого кеткен чыгымдарды өндүрүү максатында Башкы прокуратура кайрылган. Шайлоодогу мыйзам бузууларга жооп бергендер кимдер? Ошол эле мэрлер, райондук прокуратуранын жетекчилери, аймактык милициянын жетекчилери жана муниципалдык кызматтын башчылары. Эгерде мамлекет буларга чара көрбөсө, анда шайлоонун экинчи сериясы кайталанат. Эч нерсе өзгөрбөйт. Азырынча Башкы прокуратура мен жазган арызга жооп бере элек”.
Мирлан Орозбаев жогоруда тизмектеген кызмат адамдары "Ата-Журт Кыргызстандын" пайдасына иштегенин айтып жатат. Аталган партия Оштон биринчи келсе, Бишкектеги шайлоодо төртүнчү орунга ээ болгон. Ал эми Токмоктон шайлоо босогосунан өтпөй калган.
Буга чейин бир катар саясий партиялар "Ата-Журт Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтышкан. Ташиев мунун баарын жокко чыгарган. Ал эми айрым басылмалар болсо бул партиянын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрү көп экенин жазган.
Жарандык активист, талдоочу Эржан Сулайман мурдагы шайлоого катышкан партиялардын мындан аркы кадамын талдап берди. Анын белгилешинче, соңку шайлоодо мыйзам бузганы айтылган партиялар эгер жаңы шайлоого катышса, талапкерлердин тизмесин толук жаңылоого тийиш.
Талдоочунун маегин толугу менен төмөндө угуңуз: