Куршаб: Айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясы уланууда

Куршаб. 2021-жылдын 15-июну.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн алдында бүгүн 15-июнда 50 чамалуу адам нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар айыл өкмөтүнө башчы шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирүүдө.

Шайлоо 14-июнда өтүп, эки талапкер катышкан. Алар - Сактан Келдибаев жана буга чейин башчы болуп иштеген Алтынбек Ташиев. Жыйынтыгында Сактан Келдибаев 20, Алтынбек Ташиев 10 добуш алган.

Митингге чыккандар “Айылдык кеңештин депутаттары чогулуп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча элге түшүндүрмө беришсин” деп жатышат.

Куршаб айылында 24 миңдей адам жашайт. Куршаб, Шагым жана Эрдик айылдары кирген айыл өкмөтүнүн бир жылдык бюджети 31 миллион сомду түзөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор кечээ да акцияга чыгышкан. (MrA)

Дагы караңыз

Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуштуЖергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны өтүүдөБишкекте өзбекстандык кайырчы аялдар балдарынан убактылуу ажыратылмай болдуUSAID Кыргызстандын төрт облусуна акысыз укуктук жардам берүүдө