Бээжин "Чоң жетинин" сынын четке какты

“Чоң жетинин” саммити. 13-июнь, 2021-жыл

Кытайдын Лондондогу элчилиги “Чоң жетинин” билдирүүсүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп баалап, топту “саясий манипуляция” үчүн айыптады. Анын алдында “Чоң жетинин” лидерлери Англиядагы саммитте Бээжинди Шинжаң жана Гонконгдо адам укуктарын бузууда деп сындашкан.

Укук коргоочулар, БУУ, Батыш мамлекеттери Кытай бийлиги Шинжаңда жашаган мусулмандарды камоолорго, кыйноолорго, куугунтуккка алып жатканын, лагерлерге айдаганын катуу сындап келатышат. Өткөн аптанын соңунда Amnesty International уюму андай көрүнүштү адамзатка каршы кылмышка теңесе болорун билдирген. АКШ атүгүл ал жактагы абалды сыпаттаганда геноцид деген сөздү колдонгон.

“Биз Кытайды адам укуктарын жана фундаменталдуу эркиндиктерди, өзгөчө Шинжаңдагы элдин укуктарын, кытай-британ биргелешкен декларациясында бекитилген Гонконгдун эркиндиктерин жана кеңири автономиясын урматтоого чакырабыз”, – деп айтылат “Чоң жетинин” лидерлери 13-июнда кабыл алган жыйынтыктоочу билдирүүдө.

Дагы караңыз “Чоң жети” Бээжинди адам укугунун абалынан улам айыптады


Эртеси Кытай “Чоң жетинин" өлкөлөрү жок жерден конфронтация жана тирешүүнү жаратуунун ордуна "эл аралык кызматташтыктын үстүнөн иштөөгө тийиш” деп, Лондондогу элчилиги аркылуу жооп берди.

“Чоң жети” Шинжаңга байланышкан маселелерди саясий манипуляция үчүн пайдаланып, Кытайдын ички иштерине аралашууда. Биз мындайга каршыбыз”, - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү.

Шинжаңдагы лагерь. Кытай. Сентябрь, 2018-жыл

Кытай бийлиги лагерлерди экстремизмге каршы күрөш алкагында түзүлгөн кесипке үйрөтүүчү борборлор деп атап, өз дарегине айтылган сындарды четке кагууда.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда.

Ал эми Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен “бир өлкө, эки система” принцибине таянып башкарылат. Башкача айтканда, Британиянын мурдагы колониясы өз алдынча сот системасына ээ, аймакта сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ачыктыгы камсыздалган.

Бирок жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди акыркы жылдарда ошол эркиндиктерди, автономияны четинен жок кылууда деп айыптап келатышат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алматы: Шинжаң саясатына каршы чыккандар жазаланды

2019-жылдын 18-августунда Гонконгдон Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоого жол ачкан мыйзамга каршы акция башталып, анын арты ири демонстрацияларга айланган.

Расмий Кытай Батыш державаларынын Гонконгго байланышкан сынын четке кагууда.

АКШ президенти Жо Байден демократиялар “авторитардык өкмөттөр” менен глобалдык жарыш абалында экенин жекшемби күнү басма сөз жыйында айтты:

Жо Байден.

“Биз Кытай менен жарышкан жокпуз. Автократтар, дүйнө жүзүндөгү автократтык өкмөттөр менен демократиялар тез өзгөрүп жаткан 21-кылымда жарыша алабызбы деген маселе турат”.

“Чоң жетинин” лидерлери ошондой эле Бээжинди COVID-19 илдетинин пайда болушун дагы бир жолу иликтөөгө чакырышты. Кытайдын элчилиги бул багыттагы иш “илимге таянып, калыс жана адилет” жүрүшү керек деген жообун узатып, бирок иликтөөгө макул болобу-жокпу, ачык айткан жок.

“Эпидемия дүйнөнү дагы деле тооруп жатат. Вирустун тарашын аныктоо боюнча эл аралык илимпоздор иштеп, аны саясатташтырбоо зарыл”, - деп белгиледи элчилик.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жыл башында Кытайдын Ухань шаарына барып, илдеттин пайда болушун аныктоого аракеттенишкен. Бирок алардын мартта гана жарыяланган докладында эч кандай так тыянактын жоктугу "иликтөө ачык-айкын жүргөн жок" деген сынга кабылган.

Дагы караңыз Ухандагы иликтөө: Коронавирус жаныбардан тараган

Эл аралык эксперттер 2019-жылдын декабрында коронавирустун жаңы түрү биринчи болуп катталган Ухань шаарында бир айга чукул иш алып барган. Адистер вирус ал жактагы "лабораториядан тараган эмес, адамга жаныбардан жуккан" деп билдиришкен.

“Чоң жети" тобуна АКШ, Британия, Канада, Германия, Италия, Франция жана Жапония кирет.