Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты

Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу сөз болуп жаткан уюмдун сайтына жарыяланды.

Балбан кыз мындай ийгиликке 8-13-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшавада өткөн “Poland Open” эл аралык мелдешинде алтын медаль уткандан кийин жетти. Айсулуу бул мелдештин финалында канадалык Анна Паула Годинез Гонзалезди 7:1 эсеби менен жеңген.

Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон жана Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК: "Женгонун" кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалдыCOVID-19дан тогуз бейтап каза болду, оору 459 адамга жуктуУКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгонун аныктадыБажычы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин камакта калдыПрезидент жол кырсыктарын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды