Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

COVID-19дан тогуз бейтап каза болду, оору 459 адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, соңку бир күндө вирустан тогуз киши көз жумду. Июнь айынын эки аптасында оорудан 93 бейтап каза болуп, ажал тапкандардын жалпы саны 1899 кишиге жетти.

14-июнга карата коронавирус жуккан дагы 459 адам катталды. Оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 110 829га жетти.

Бир суткада 257 киши вирустан айыкты, 2041 адам ооруканада, 2 949 киши үйүнөн дарыланууда.

Ооруканада жаткандардын 582си оор, 96сы өтө оор абалда.

Оору жуктурган жана каза болгондордун басымдуусу Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустарында катталууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG