Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-15-июнь күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. 15-июнда күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.
Дагы караңыз
БУУ азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Бишкекте улуттук диалог өткөрөтМинистрлик айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салууну сунуштадыКыргызстанда тейлөө кызматтарынын акысы өстүАйтмаматов бажыдан "байыды" деп камалды УКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгонун аныктады