Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстанда тейлөө кызматтарынын акысы өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2021-жылдын алгачкы алты айында өлкөдөгү калкты тейлөө кызматтарынын акысы төрт пайызга кымбаттады.

Анда жүргүнчүлөрдү ташуунун баасы 14% көтөрүлүп, учак билеттеринин наркы 2,7 эсеге жогорулады.

Амбулатордук дарылануу жаатында медиктердин кызмат акысы 6,8%, бут кийим оңдоо 4,3%, кийим тигүү 4,1%, турак-жай оңдоо жана курулуш кызматы 3,4%, той-топур, иш чараларды уюштуруунун баасы 0,5%ке өстү.

Статком буга чейин өлкөдө жакырчылык артканын жана күнүмдүк колдонуучу азык-түлүк, курулуш материалдары, күйүүчү май ж.б. товарлардын кымбаттаганын да кабарлаган эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG