Орусиядагы көк бөрү мелдешинде Москва шаарынын командасы жеңди

Иллюстрациялык сүрөт.

13-июнда Орусиянын Сергиев Пасад шаарынын Благовещенск талаасында өткөн эл аралык көк бөрү мелдешинде Москванын көкбөрүчүлөрү баш байгени илип кетти. Экинчи орунга Иркутск шаарынын командасы ээ болду. Кыргызстандын “Атуул” командасы үчүнчү, ал эми Подольсктун көкбөрүчүлөрү төртүнчү орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

“Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Орусиянын Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине кыргызстандык экиден көкбөрүчү кошулуп ойноду. Бул иш-чара спортту өнүктүрүү максатын көздөйт”.

Турнир жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы кубок үчүн уюштурулган.

Көк бөрү таймашы Орусия жана Евразия элдеринин дене тарбия боюнча “Орус дүйнөсү” деп аталган бешинчи фестивалынын алкагында өткөрүлдү. (MiK)

Дагы караңыз

Орусияда коронавирус күчөдү, Москвада бир апта дем алыш жарыяланды Путин кибер кылмышкерлерди алмашууга даяр экенин айттыБишкекте кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү“Чоң жетинин” лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайтБаткендин мурдагы мэри 77 жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталды