Бишкекте кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү

Журналист Айдай Токоева көчөдөн кабылган окуядан көрүнүш.

Бишкекте бүгүн, 13-июнда кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү. Жыйырмадан ашуун активист кыз Ала-Тоо аянтында чолок шым кийип, жүрүш уюштурушту. Алар муну менен ар бир кыз каалагандай кийинүүгө укуктуу экенин белгилеп, колдоруна кыздарды кемсинткен, кодулаган, ыдык көрсөткөн көрүнүштөргө каршылык билдирген жазууларды кармап турушту.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген жана анын негизинде кылмыш иши козголгон. Токоева өзү окуяны сотко чейин жеткирип, башка балдарга сабак болушун кааларын билдирген. Бул окуя Кыргызстанда харассмент темасын күн тартибине чыгарган.

Харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. (RK)

Дагы караңыз

“Чоң жетинин” лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайтБаткендин мурдагы мэри 77 жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталдыӨкмөт: “Сосновка” бекетинде тараза көзөмөлү иштебей туратCOVID-19: Дагы тогуз адам каза болду, 558 бейтап жаңы катталды