Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган социалдык төлөмдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кескин айыптады. Ал өзгөртүүлөрдү дагы анализдеп чыгууга жана бизнес коомчулуктун катышуусунда кайрадан талкуулоого чакырды.
Бизнес-акыйкатчы мыйзам долбоорунда мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөр жумуш берүүчүлөргө 15,25% жана жумушчуларга 13% деп коюлуп жатканын сынга алды. Ал натыйжада бул ченем 28,25% болуп, мурдагыдан 1% (27,25%) көбөйө турганын белгиледи.
“Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргызстандын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусуна каршы келген бул өзгөртүүлөргө таң калганын жана иренжип жатканын билдирет”, - деп айтылат Бизнес-акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
“Кыргыз Республикасынынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамына, « Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоору 27-майда парламент сайтына илинип, коомдук талкууга коюлган. (ErN)
Дагы караңыз
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болдуБеларуста камакта жаткан активисттин ата-энеси Меркелден жардам сураштыКастыкты козуткан "айтыштан" алыс болсок...Жаш пианисттер сынагында кыздар жеңди