Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:34

Беларуста камакта жаткан активисттин ата-энеси Меркелден жардам сурашты


Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер. Bild телеканалынын интервьюсунан алынган сүрөт.
Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер. Bild телеканалынын интервьюсунан алынган сүрөт.

Беларуста мажбурлап кондурулган учактан уурдалып, камакка алынган активист Роман Протасевичтин ата-энеси Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, уулун бошотууга көмөктөшүүнү суранды.

Бул тууралуу алар Bild немис телеканалына 12-июнда курган интверьюсунда билдиришти.

Алар Минскиде жаткан уулу жана башка саясий туткундар кыйноого кабылып жатканын белгилешти.

"Биз күнөөсүз адамдарды түрмөдөн чыгарып берүүгө жардам кылууңузду көптөн-көп суранабыз. Аларга чукул жардам керек, анткени күн сайын “садизмге жана зомбулукка” туш болуп жатышат”, - дешти интервьюда.

Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер 10 ай мурда Беларустан качып чыгышкан, учурда Польшада күн кечиришүүдө.

23-майда беларус бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген жалган шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы камаган. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун бул аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG