Көчөдө бараткан кызга тийишкен бала милицияга келди

Журналист Айдай Токоеваны көчөдөн бейтааныш адам жамбашына чапкан.

Көчөдө өтүп бараткан кызга тийишкен жигит өз ыктыяры менен милицияга келди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

“9-июнда 1999-жылы туулган О.Х. жаран келди. Ал Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын жанынан өтүп бара жатып, алардын бирине колу кокусунан тийип кеткенин түшүндүрүп, кечирим сурады. Тергөө иш-чараларынан кийин О.Х. бошотулуп, суракка кайра келүү милдеттемеси менен бошотулду. Тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат райондук милициянын маалыматында.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган.

Айдай Токоева кесиптеш курбулары Айзирек Иманалиева жана Савия Хасанова менен көчөдө баратканда бейтааныш жигит келип, аны жамбашка чапкан. Кыздар жигитти дароо видеого тартып, эмнеге мындай кылганын сурашканда "Кааладым, урдум" деп жооп берген. Кыздар анын жоругун сындап, жооп беришин талап кылганда жигит качып кеткен. Видеону Айзирек Иманалиева "Твиттерге" чыгарган.

Төрт кыз тең "Kloop" басылмасынын журналисттери.

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жыныстык ыдык көрсөтүүнүн масштабы боюнча 2019-жылы изилдөө жасаган. Анда көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу – бул чыныгы жараат, андан кийин алар өздөрүн коопсуз сезе албай калышары белгиленген.

Изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 16% гана ыдык көрсөткөндөргө каршы тура аларын айтышкан. (МТа)

Дагы караңыз

Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков УКМКда сурак берүүдөЖаңы кодекстер: журналисттердин укугу корголобу? Нью-Йорктогу сот “Кумтөр Голд Компани” боюнча ишти карай баштады (жаңыланды)Бермет Өмүрова: Сахнага энем менен тагдырым жетелеген