Жапаров менен Эрдоган Анкарада жолугушту (видео)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул сааттарда Анкарада жолугушту.

Жолугушуу Эрдогандын "Фейсбуктагы" баракчасында түз көрсөтүлдү.

Эки лидер көп тараптуу алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулай турганы кабарланган.

Жапаров Түркияга 9-июнда расмий сапар менен барды. Аны "Эсенбога" аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти тарыхый инсан Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду.

Эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров 11-июнга чейин пландалган сапарында Анкарада иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарга кезигет.

Бул - Садыр Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары. (SE)

Дагы караңыз

Рейтер: француз президентин жаакка чапкан адам кармалды (видео)Солак: саясий окуялар кыргыз-түрк ымаласына доо кетирбейтНью-Йорктогу сот “Кумтөр Голд Компани” боюнча ишти карай баштады (жаңыланды)Кытай вакцинасы Кыргызстанга июндун экинчи жарымында келетАнкарада Жапаров менен Эрдоган жолукту