БУУнун Гаагадагы трибуналы Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын канааттандырган жок. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон мурдагы аскер башчы 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинадагы уруш маалындагы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуштук кылмыштар үчүн айыпталган. 2017-жылы өмүр аягына чейин кесилген.
Соттун 8-июндагы отуруму пандемиядан улам жабык өттү. Ага тагылган айыптардын арасында Сребреница шаарчасындагы 8 миңдей мусулман эркек киши менен өспүрүмдөрдү өлтүрүү фактысы да бар.
78 жаштагы Младич күнөөсү жок экенин айтып, Батышты, судьяларды калп айтат деп айыптаган.
Апелляциялык арызды кароо Младичтин саламаттыгына, кийин пандемияга байланыштуу бир нече жолу жылдырылган. Босниянын мурдагы саясий жетекчиси, геноцидге айыпталып өмүр аягына чейин кесилген Радован Каражич да жазасын өтөп жатат.
Дагы караңыз
Казакстан аскердик жардамдын чоо-жайын түшүндүрдүАлматы: Шинжаң саясатына каршы чыккандар жазаландыЭнергетика жана өнөр жай министри Турдубаев кызматтан бошотулдуНур-Султандын аскердик жардамы талкууга түштүТалас: Бабановдун тарапташтары митингге чыгыштыCOVID-19: Ош "кызыл зонага" кирди