Бишкекте 11 жаштагы кыз изделип жатат

Бишкекте 11 жаштагы Айтурган Садыкова изделүүдө. Ал 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылында жоголгон. Үйдөн ошол кыштактагы чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Атасы Рустам Момунов учурда кызын Бишкек шаарында издеп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыздын жоголгону тууралуу ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылышкан. Күч кызматкерлери Кочкордун автобекетиндеги видеокамералардан кыз Бишкекке карай бараткан маршруткага түшүп кетишкенин аныкташкан.

Айтурган Садыкованы көрүп-билгендер болсо, милицияга же ата-энесинин телефонуна кабар берсе болот: 0706639779, 0778639779. (LzT)

Дагы караңыз

Коронавирус Кыргызстанда 107 медкызматкердин өмүрүн алдыСыдыков: Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдындаТоктогазиева: Кайрылуудан майнап чыкса, чоң прецедент жарататТүркүн-түстүү Он-АдырКрестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди"Аралаштын" куудулу акка моюн сундуМамлекеттик бажы кызматын Самат Исабеков жетектейт