Эгемендик жылдардан кийин куудулдар Рахман Разыков, Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев, Абдылда Иманкулов жана Жамбыл Камчиев «Аралаш» куудулдар тобун түптөп, кыргыз коомчулугунда бул өнөрдү жаңы деңгээлге алып чыгышкан.
Замандашы, куудул Жамбыл Камчиев Рахман Разыков менен 1980-жылдары таанышкан экен. 1985-жылдан баштап өлкө ичине сатира кечелерин уюштура башташкан. Ал маркумду ой-жүгүртүүсү, чечкиндүүлүгү, иш билгилиги жагынан башка замандаштарынан, үзөңгүлөш куудулдардан мыкты болгонун эскерди:
“Рахман Эмгек сиңирген артист жана Эл артисти деген наамдарды албады. Бул жашоодо өнөрлүү адамдын орду наамда эмес да. Аны ансыз деле эл урматтап, сыйлады. Эми минтип кыргыз сатира дүйнөсү чоң жоготууга учурап калбадыбы. Эгер биз мындан ары деле ушундай таланттуу адамдарды баалабасак, ушинтип өкүнүчтүү жагдайлар улана берет. Кыргызстанда сатира, юморго жакшы маани беришпейт. Бийликти мактаган ырларга жогору жактагылар көңүл бөлөт дагы, сындагандарды көз жаздымда калтырышат. Ошондуктан, биз өнүкпөй жатабыз. Өнүгүү үчүн баарына бирдей мамиле жасашыбыз керек”.
Куудул Рахман Разыков ушул кезге чейин «Бешилик», «Беш абышка, беш кемпир», «Беш тапан» куудулдар тобун түзүп, сатирага шыктуу балдарды тарбиялап жүргөн. Ошондой эле анын "Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы" долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татып, эл ичине кеңири белгилүү болгон.
Разыков куудулдарга сатиралык интермедияларды жазып берүү менен бирге ар кандай тематикадагы ырларды жана тамсилдерди чыгарган. Анын “Чоң куудулдун чөнтөк китеби”, “Көөдөн кыйкырыгы”, “Биз кайда баратабыз?” деген бир нече китеби жарык көргөн. Ошондой эле куудул бир катар тасмаларда да роль жаратканга жетишкен. Ал “Токойдогу шайлоо” сыяктуу тамсилдерди жазуу менен кыргыз саясатына сын айтып жүргөнү да коомчулукка маалым.
2020-жылдын декабрь айында ал санаалашы Абдылда Иманкулов менен биргеликте Ош шаарында өтө турган концертинин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирге бербей койгонун айтып даттанышкан. Алар муну саясий кысым деп сыпатташкан болчу. Куудулдардын жаңы тамаша программасынын аталышы “Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан” деп аталган.
Рахман Разыков ошол учурда “Азаттыкка” берген маегинде бийликтин кысымына мурда мынчалык кабылбаганын билдирген.
Ал административдик ресурс колдонулуп, али орной элек бийликти сындаган шоу-программа атайылап эле мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлбөй жатканын айткан.
“Биз бардык бийликтин учурунда аларды сындап келгенбиз. Сын эч кимге жакпайт. Бирок бизге мынчалык кысым болгон эмес. Азыр президенттик шайлоо али боло элек. Административдик ресурс колдонулуп атат. Концерттин аты “Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан” деп коюлган. Телеканалдын жетекчиси “эмне үчүн мындай атадыңар, биз муну эфирден жарнама кыла албайбыз” деп айтты. “Эмнеге” десем, “жөн эле” дейт. “Үч пахан” деген сөздү алып салгыла дейт, биз ала албайбыз”.
Ал эми Ош ТВнын жетекчиси мындан саясат издөөнүн кереги жок экенин, болгону куудулдар алар сунуштаган убакытка макул болбой, эл көп көргөн саатты сурап жатышканын маалымдаган эле.
Жогорудагы чуу жараткан интермедияда роль ойногон Нарынбек Молдобаев кыргыз куудулдарынын көпчүлүгү Рахман Разыков жазган интермедиялар, сатиралар менен аты чыкканын белгиледи:
“Кыргыз сатирасын Рахман Разыковсуз элестетүү кыйын. Мисалы, бизде интермедия жазган сатириктер жок деп келишпедиби буга чейин. Бизде ал бар болчу. Мына эми биз аны арабыздан жоготтук. Популярдуулукка жеткен көпчүлүк куудулдардын атагынын чыгышы - Рахман Разыковдун эмгеги эле. Мына, кийинки учурда аты чыгып калган “Беш тапандагы” куудулдар да, айымдардан Гүлжайна Атаканова да Разыковдон тарбияланды”.
Чыгармачылыкта Разыковго шакирт болгон куудул айымдардын бири Гүлжайна Атаканова анын адамгерчилигин, шакирт таптоодо баарына тегиз караганын айтып берди:
“Мен үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн жоготуу болду. Ал улууга, кичүүгө, жаш курагына карабастан бирдей мамиле жасаган айкөл киши эле. Арабызда өзүнүн канынан жаралган баласы жүрсө да, баарыбыз үчүн мамилеси тегиз болду. Уккан кулагыма ишене албай турам. Менин ар бир ийгилигим Рахман агайымдын эмгеги деп билем. Мага окшогон көп өнөр адамдарына туура жол көрсөттү”.
Социалдык тармактарда маданий ишмерлер Рахман Разыковдун жакындарына көңүл айтып, кыргыз сатирасынын тоосу кулады деп кейип жатышат.
Куудул Рахман Разыковдун өмүр таржымалына үңүлсөк, саясий чөйрөгө да кадам таштаганы белгилүү. Ал бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен барган.
Партия лидери Адахан Мадумаров маркумду төрт сап ыр менен эскерди:
"Жакшылар бул жашоодон чарчагандай,
Жер астын эрки менен тандагандай.
Четинен кетип жатат жетелешип,
Жер үстүн наадандарга таштагандай".
Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева маркум тууралуу буларга токтолду:
"Рахман Разыковду чыныгы мекенчил адам десем эч качан жаңылышпайм. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясына мүчө болуп, башка партияга өтө качкан жок, партияны жана анын лидерин да сатпады. Ошону менен катар өз принциптеринен, айта турган көз-караштарынан да тайбады. Ал күчтүү саясатчы катары калыптана баштады эле. Аттиң, ажалга айла жок экен. Рахман Разыков өз өлкөсүнө күйгөн мырза катары мамлекетти кантип сүйүү керектигин башка саясатчыларга, дегеле бардык адамдарга да көрсөтүп кетти".
2-июнда куудулдун жубайы Диля Разыкова күйөөсү экөө тең коронавирус менен ооруп жатканын жана Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатышканын жазган эле.
Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.
Ал "Таң жылдызы" “Бешилик”, “Беш абышка, беш кемпир", “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеген. Сатирадан тышкары ыр да жазган. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Разыков коомчулукта саясий көз карашын да активдүү билдирип келген адамдардын бири эле. Маркумдун артында үч уул, үч кызы калды. Аны менен коштошуу зыйнаты 8-июнда Ош шаарындагы үйүндө өтүп, сөөгү өзү туулган Савай айылында жерге берилет.