Дүйнөлүк ири державалардын - "Чоң жети" тобунун көп жылдык талкуусунан соң, "санарип салыгынын" реформасына ылайык, Apple, Google, Amazon жана башка ири IT-корпорациялар салыкты мурункудай өздөрү катталган жерде гана эмес, киреше алган жерде да төлөөгө милдеттендирилди. Буга чейин көптөгөн IT-корпорациялар салык аз төлөнгөн өлкөлөрдө каттоого турушканы кабарланган.
Британиянын каржы министри Риши Сунак "Чоң жетинин" финансисттери Лондондо өткөргөн жыйын боюнча маалымат берип, катышуучулар "санарип салыгы" глобалдуу санарип дооруна ылайыктуу болушу зарылдыгына" токтолгонун айтты.
"Би-Би-Синин" маалыматына караганда, кирешеси 315 млрд. долларлык Microsoft компаниясынын Ирландиядагы филилалы бул өлкөгө бир тыйын салык төлөбөй келген. Анткени, компания расмий түрдө Бермудда катталган.
Реформага ылайык, ири корпорациялардын киреше салыгы бирдиктүү түрдө кеминде 15% болууга тийиш.
"Чоң жети" тобу жетишкен келишимди Германиянын каржы министри Олаф Шольц "салык революциясы" деп атады. "Немис толкуну" радиосу маалымдагандай, Шольц бул келишимди башка мамлекеттер да кабыл алышы керек деген пикирин билдирди. Дүйнөдөгү 20 ири мамлекеттин отуруму июль айында Венецияда өтөт.
"Чоң жети" тобуна дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети мамлекет - Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ кирет.
Дагы караңыз
Польша-Беларус чек арасында нааразылык акциясы башталды"Кара тизмеге" кирген мигранттардын убайымы Инандынын жубайы ал элчиликте деп шектенүүдө. Түрк элчилиги маалымат бере элекCOVID-19: 337 жаңы учур катталдыЧек арадагы жаңжалда жабыркаган 100 бала Ысык-Көлдө эс алуудаТоктогулда суу көбөйө баштаганы жарыяландыТүндүк-түштүк жолу: депкомиссия түзүлдүЧоң-Алай: Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайттыЧоң-Алай: чек арадагы аскерлер артка кайтты