Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Польша-Беларус чек арасында нааразылык акциясы башталды


 Польша менен Беларустун чек арасы. Кузница бекети. 2020-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.
Польша менен Беларустун чек арасы. Кузница бекети. 2020-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.

Польшада жана Литвада жашаган беларус жарандары Евробиримдиктен Александр Лукашенкого каршы "туруктуу жана натыйжалуу" санкцияларды талап кылышууда. Польша менен Беларустун чек арасындагы "Бобровники-Берестовица" бекетине чогулгандар 6-июнда Беларустан сыртка жок дегенде жөө чыгууга уруксат берүүнү жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.

Беларустун мурдагы маданият министри Павел Латушко "Евробиримдик Лукашенконун режимине каршы реалдуу чара көрбөй жатат" деп сындады.

"Биз режим жаңы кылмыш жасаганча күтүп отура албайбыз. Ишке киришүүгө убакыт келди", - деди Латушко.

Митингчилер Евробиримдикке үч күн мөөнөт беришти, бул аралыкта талаптары аткарылбаса, чек арадагы жолдорду бууй турганын билдиришти. Үч күн аралыгында алар саякатчыларга Беларустагы кырдаал тууралуу маалымат беришет.

Апта башында беларус бийлиги коронавирус пандемиясын негиз кылып, жарандардын сыртка чыгышына чектөө киргизген. Оппозиция муну эркин жүрүү укугу бузулду деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG