Тажикстан: чек арачылар макулдашылган тилкеде турат

Кыргыз-тажик чек арасы. Чоң-Алай.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Бул тууралуу Тажикстандын “Ховар” сайты жазды.

Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна ылайык чек арачылар макулдашылган чек ара тилкелеринде турат. Экинчи тарабындагы Карамык ашуусунда Кыргызстандын чек ара бекети тийиштүү инфраструктурасы менен жайгашкан. Бул эки өлкөнүн чек арасында делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны эки тараптуу кайтаруу принцибин камсыз кылат”, - деп жазылган маалыматта.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык 986,7 км. түзгөн кыргыз-тажик чек арасынын 519,9 км. такталган. Тактала элек чек ара тилкесинин бири Шаты ашуусу. Аталган тилке боюнча эки тарап чек араны аныктоо жана өз сунуштарын берүү тууралуу сүйлөшкөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматынын саат таңкы 6дагы маалыматына караганда, тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтты.

Дагы караңыз Чек ара: Унжу-Булактагы абал турукташты

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп кетти. Камчыбек Ташиев менен кошо Чоң-Алайга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев кеткен.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (MTa)

Дагы караңыз

Инандыны тапкандарга бир миллион доллар сый акы жарыяландыОшМУда маркум профессор Каныбек Исаковду эскерип жатышат"Лукашенко турганда Минск Бакиевди бербейт"Сабыр Жапаровдун атын колдонуп акча талап кылган жарандар кармалдыЧек ара: Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга чукул учуп кеттиЧек ара: Унжу-Булактагы абал турукташты