Кабулдагы жарылуудан сегиз киши мерт болду

Жарылуудан кийинки Кабулдун көчөсү.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда 3-июнда кичи автобустагы кош жардырууда кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды.

Кабул полициясынын басма сөз катчысы Фирдаус Фармариздин айтымында, окуя шийит хазар улутундагылар жашаган аймакта болгон.

Биринчи жарылууда төрт жаран өлдү, алардын экөө аялдар экени аныкталды. Экинчи жарылууда дагы төрт адамдын өмүрүн кыйды. Бери дегенде бешөө жарадар болду. Азырынча кол салууну кайсы топ уюштурганы белгисиз. Ооганстанда "Талибан" жана "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары чабуулдарын улантып жатат.

1-июнда "Ислам мамлекетинин" жоочулары уюштурган калабадан он адам мерт болгон.

Ал арада Пентагон Ооганстандан аскер күчтөрүн чыгарууну улантууда.

30-майга карата АКШ аскерлеринин теңине жакыны чыкканы кабарланды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 11-сентябрга чейин куралдуу күчтөр толук чыгып кетерин жарыялаган. (BCh)

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: Чоң-Алайда чек арада абал чыңалып туратТажикстан Пакистандан курал-жарак алабы?Укук коргоочулар Пакистанда журналисттерге басым күчөгөнүнө тынчсыздандыБишкек: транспорт маселеси чечиле элекHRW Азимжан Аскаров боюнча катуу талап коюуга ЕБди чакырды