Маалымат саясаты концепциясынын долбоору коомдук талкууга чыкты

Форумдагы отурум. (Сүрөт Элира Турдубаеванын социалдык баракчасынан алынды)

Бишкекте 3-июнда “Маалымат саясатынын концепциясын иштеп чыгуу: мамлекет менен медианын диалогу” аттуу медиа форум болуп өттү.

Иш чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Медиа Диалог” долбоору уюштуруп, Европа Биримдиги каржыланды.

Анда маданият министр Кайрат Иманалиев маалымат саясатынын жаңы концепциясы даярдалганын, коомдук талкууга коюлганын билдирди.

Бул концепция 2021-2025-жылдарга карата түзүлгөн. Анда көз карандысыз медиа секторду өнүктүрүү, сөз эркиндигин, пикирлердин ар түрдүүлүгүн коргоо шарттары иштелип чыккан.

Концепция http://kyrgyz.media/ сайтына жайгаштырылып, сунуш-пикирлерди kyrgyzmediakit@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот. (BCh)

Дагы караңыз

Тажикстан Пакистандан курал-жарак алабы?Укук коргоочулар Пакистанда журналисттерге басым күчөгөнүнө тынчсыздандыОрусия: оппозициячыл саясатчыга иш козголдуБишкек: транспорт маселеси чечиле элекHRW Азимжан Аскаров боюнча катуу талап коюуга ЕБди чакырды