Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын сунушу менен “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссияны түзүү парламентте кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Депутаттар Улукбек Ормонов менен Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү аягына келгенин жүйө кылып, 20 күндүк комиссия түзүүгө каршы чыгышты.
Бекешов регламентте парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө төрт ай калганда комиссия түзүүгө тыюу салынарын эскертти.
Шайлообек Атазов менен Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин мөөнөтү качан бүтөрү азырынча белгисиз экенин белгилеп, комиссия түзүүнү колдошту.
Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтүүдө.
2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен катар Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын "China Road & Bridge Corporation" корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери 3 фазага бөлүнгөн. (МТа)
Дагы караңыз
Акыйкатчы: Марат Казакпаев абактагы катуу басым тууралуу арызданды Орусияда "агент" деп табылган басылма ишин токтототCOVID-19: АКШ жакыр өлкөлөргө 80 миллион доза вакцина тарататАраванда картошка менен сарымсак бышты