Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен бүгүн, 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаган.
“Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди, андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгат”, - деди Кудайбергенов.
2-июнда Бишкектеги маршруттук таксилер иш таштап, миңдеген эл көчөдө транспорт күтүүгө аргасыз болду.
Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды ала кетүүгө үндөп жатат. Шаардагы райондордун акимчиликтери акысыз транспорт уюштуруп, жаңы конуш, микрорайондордун тургундарын ташууда.
Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (BCh)
Дагы караңыз
"Кумтөр иши": үлкөндөр камалдыАжырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыктыБи-Би-Си кыргыз кызматы 25 жылдыгын белгилөөдөОрхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголду | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 1.06.21Мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды