Баткен: куралды этиятсыз колдонуудан бир аскер каза болду

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда куралды этиятсыз колдонуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя Баткен облусунун Баткен районунуну Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлери арасында болгон.

Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатат. (МТа)

Дагы караңыз

COVID-19: Евробиримдикте өспүрүмдөр эмделе баштадыCOVID-19: Кыргызстанда 80 миңден ашуун адам эмделдиМилиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдүКумтөр: депутат Рыскелди Момбеков суракка барды