Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:47

COVID-19: Евробиримдикте өспүрүмдөр эмделе баштады


АКШда вакцина алып жаткан 14 жаштагы өспүрүм кыз. Нью-Орлеан. 31-май, 2021-жыл.
АКШда вакцина алып жаткан 14 жаштагы өспүрүм кыз. Нью-Орлеан. 31-май, 2021-жыл.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин арасынан алгачкылардан болуп Румыния менен Италия өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдей баштады. Еврокомиссия 31-майда "BioNTech/Pfizer" вакцинасын 12 жаштан жогору балдарга саюуга уруксат берген. Буга чейин Канада менен АКШда дагы балдарды эмдөө башталган.

Францияда 31-майда 18 жаштан өткөндөрдүн баарын эмдөөгө уруксат берилди. 69 миллион бул өлкөдө калктын жарымынан көбү вакцинанын бир дозасын алышты. Ал эми толук эмделгендер 20% түзөт.

Ал арада Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинде жаңы эсептен кийин коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп болуп чыкты.

Жаңы маалыматка ылайык, 32 миллиондой калкы бар өлкөдө коронавирус 180 миңден көп бейтаптын өмүрүн алган. Буга чейин бул сан 70 миңдин тегерегинде болчу.

Түштүк Америкадагы Бразилия менен Мексика дагы бул илдеттен көз жумгандардын саны жагынан көп мамлекеттердин сап башында турушат.

XS
SM
MD
LG