Чек ара кызматы: "Ак-Тилекте" кезек күткөндөр жок

“Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде кезекте турган автоунаалар. 27-май, 2021-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде топтолгон автомашиналар жок, баары тоскоолдуксуз өтүп жатышат. Бул тууралуу 1-июнда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева:

“Кыргыз-казак чек арасында бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Топтолгондор, кезек күткөндөр жок”.

Өткөн аптанын орто ченинде аталган бекетте Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган.

Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.

“Ак-Тилекте” кезек күткөн айдоочулар “Азаттыктын” кабарчысына бекетте 26-майдан бери турушканын, алар коронавирус боюнча ПЧР тесттин 72 сааттык мөөнөтү өтүп кетсе кайра артка кайтууга мажбур болорун айтып беришкен. (RK)

Дагы караңыз

«Ачык Орусиянын» мурдагы жетекчиси аэропортто кармалдыЧек арадагы окуяларда жараат алгандар дарыланууну улантууда "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуудаАзиянын түштүк-чыгышында коронавирус күч алды