Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

«Ачык Орусиянын» мурдагы жетекчиси аэропортто кармалды


«Ачык Орусия» уюмунун мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваров. 13-март, 2021-жыл.
«Ачык Орусия» уюмунун мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваров. 13-март, 2021-жыл.

31-майда Санкт-Петербургдун Пулково аэропортунда «Ачык Орусия» уюмунун мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваров кармалды. Ал өзү билдиргендей, учак жаңы эле ордунан жылары менен токтотулуп, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү Пивоваровду сыртка алып чыгышкан.

Окуя Польшанын LOT авиакомпаниясына караштуу «Санкт-Петербург – Варшава» каттамындагы учактын ичинде болгон. Пивоваровду Тергөө комитетине суракка алып кетишкен. Адвокатынын айтымында, ага «дурус эмес» уюмдагы ишмердүүлүгү үчүн Краснодар шаарында кылмыш иши козголгон. Эми аны аталган шаарга алып кетишет.

Буга чейин «Ачык Орусия» коомдук уюму ишмердүүлүгүн токтоторун билдирген. Уюм 2017-жылы «дурус эместердин» тизмесине киргенден бери анын активисттери бийликтин басым-кысымына туш болуп келишет.

«Дурус эмес» уюмдар тууралуу мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Ал аркылуу бийлик негизинен АКШ менен Европа каржылаган бейөкмөт уюмдарга басым жасап келет.

XS
SM
MD
LG