Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 29-майда президент Садыр Жапаров менен жолукканда Нур-Султан чек ара чырына байланыштуу консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку окуялар жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелер көтөрүлгөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мухтар Тлеуберди Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды олуттуу кабыл алганын жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Казакстан менен Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 миллиард долларга чыгаруу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.
Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болду. Алардын экөө бала. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирди. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлоо: президентке сунушталган эки долбоор“Челси” клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеттиCOVID-19: алты бейтап каза болду, илдет 333 кишиден аныкталдыУКМК Сегизбаев пневмония болуп ооруканага жаткырылганын ырастадыИИМ: Маңзат бизнесине аралашкан милиционер кармалды