ИИМ: Маңзат бизнесине аралашкан милиционер кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө милиция кызматкери маңзат бизнесине тиешеси бар деген шек менен кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-майда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундан 1,5 килограммдан ашуун салмактагы апийим табылып, ошол эле күнү 25 грамм маңзат менен райондук ички иштер башкармалыктарынын биринде айдоочу болуп иштеген 50 жаштагы киши кармалды.

Маңзат бизнесине аралашкан милиционерлер кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да болгон. Быйыл март айында Ошто маңзат ташып саткан адамдарды калкалап жүргөн деген шек менен жетекчилик кызматта иштеген киши кармалган.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңги заттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экенин адистер айтып келишет.(RK)

Дагы караңыз

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөтБайден өлкө бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү Өзбекстан: Нукуста пенсия маселесинен улам жол тосулду30-майдын аба ырайы