Башкы прокуратура Суракматовдун кармалышы боюнча кошумча маалымат таратты

Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов менен кошо Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныш Кудайбергенов да коррупцияга шек саналууда. Алар калаадагы муниципалдык жерге байланышкан жемкорлук ишинин фигуранты экенин Башкы прокуратура 28-майда кабарлады.

Расмий маалыматта Кудайбергенов менен Суракматов аталаш тууган экени көрсөтүлгөн. Алар коррупциялык жол менен жерлерге ээлик кылып, эбегейсиз байлык топтогону белгиленген.

Фактылар боюнча Суракматовго, Кудайбергеновго жана катыштыгы бар башка жооптуу кызмат адамдарына карата иш Жазык кодексинин 319 (коррупция) жана 323-беренелери (мыйзамсыз баюу) менен териштирилип жатат.

Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып 26-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон Суракматов былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин өз каалоосу менен иштен кеткен. Шаардык кеңештин соңку шайлоосунда ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

Мурда Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы да болгон.

Дагы караңыз

Медакадемиянын жамааты жана студенттери ректор шайлоого байланыштуу нааразылыкка чыгышты Кумтөрдө кызматкерлердин айлыгы 100% төлөнүп берилдиЖурналисттин рюкзагына маңзат салууга айыпталган полициячылар кесилдиОмбудсмен Эсен Мажитовду Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрүүдөОмбудсмендин өкүлү Ош аэропортунда кармалып турган тажик жарандарынан кабар алды