Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалып, эки айга камакка алынды. Атайын кызмат экс-мэрдин байлыгын 4 млрд. сомдон ашык суммага баалап, анын көбүн коррупциялык жол менен тапкан деп күмөн санап жатат.
Суракматов борбор калааны эки жылдай жетектеген. Шаардык кеңештин соңку шайлоосунда Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын артында турган.
Экс-мэрди кармоонун сыры
26-майда кармалган Азиз Суракматовдун жагдайы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-майда таратты. Мекеме Бишкек шаарынын мурдагы мэри коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалганын тактады. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 28-майда Суракматовдун баш коргоо чарасын карады. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагына эки айга камалды.
Атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлагандай, фактылар курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин берүүгө байланыштуу.
УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттыкка” буларды билдирди:
“С.А.Э. мэрияда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалын пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барганы такталды. Тагыраагы, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Жогоруда айтылгандардан тышкары, С.А.Э. мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилирленген филиалдарына таандык, курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө, муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен курулуш компанияларынын өкүлдөрү көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган”, - деди ал.
Билдирүүдө белгиленгендей, бул коррупциялык схеманын натыйжасында экс-мэрдин активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион долларга бааланган. Муну сомго чакканда 4 млрд. сомдон ашык каражатты түзөт.
УКМК текст менен кошо өз маалыматында Азиз Суракматовго жана анын жакындарына тиешелүү делген бир катар имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, фирмалардын жана бизнес борборлордун сүрөттөрүн да жарыялады.
Суракматов 26-май күнү саат 16:00дө УКМКга суракка киргени кабарланган. Ал анда кечке чейин көрсөтмө берип, түнгө жуук кармалган. Учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Тергөөчүлөр кылмышты жасоого катышкан адамдарды жана алар мыйзамсыз алынган деген мүлкүн аныктоого аракет кылууда.
Суракматовдун адвокаты Евгений Савченко коюлган айыптар жөнүндө маалымат бере албай турганын айтты:
“Мага азырынча журналисттерге комментарий берүү ыйгарым укугун берише элек. Ошондуктан азыр сиздерге эч нерсе дей албайм. Атайын кызмат тараткан пресс-релизди да, сүрөттөрдү да көрө элекмин. Ошого азыр бирдеме дегенге укугум жок”.
Азиз Суракматов 50 жашта. 1994-жылы Кыргыз курулуш-архитектура институтун бүтүргөн, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Алгач “Шоола”, “Керек-жарак коомунда” адис, кийинчерээк "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи болуп иштеген. Ортодо жеке компанияларда эмгектенип, кийин кайра шаардык архитектуранын директорунун орун басары, Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис болгон.
2004-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешине шайланып, анда төрагалык кылган. Ушул эле жылдары Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүн жетектеген. 2010-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңеште “Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен.
Мүлк, шайлоо жана саясат
УКМК 27-майда тараткан маалыматка ылайык, Суракматов “Елизавета”, “Столица строй” жана “Ливерпуль” курулуш компанияларына, “Центр Офис” бизнес борборуна, “Слон” сакчылык-детектив агенттигине, “Слон” кыймылсыз мүлк мекемесине, “Слон” юридикалык агенттигине, “Финансы-кредит строй” микрокредиттик компаниясына, “Новый город”, "Папа Карло", “Sphere KG” компанияларына да ээлик кылат. Ошондой эле “Ак-Нан”, “Поларис Групп”, “Юрист Риэлт Строй”, “Самолет” фирмаларынын, Ысык-Көлдөгү “Улитка” эс алуу борборунун жана бир нече коттеждердин кожоюну болуп саналат.
Арийне, Азиз Суракматов мурдатан эле “Tazabek” агенттиги чыгарган журналда Кыргызстандагы эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмесине кирчү. Анын аты “Елизавета”, “Столица строй” жана “Ливерпуль” өңдүү Кыргызстандагы ири курулуш компанияларына ээлик кылары да белгилүү болчу. Бул компаниялар Бишкектин чок ортосуна, эң кымбат жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коммерциялык жайларды куруп келгени менен таанымал.
2018-жылы Бишкек мэрлигине шайлоо болуп жаткан учурда Суракматов “Елизавета” фирмасына тиешеси бар экенин моюнуна алып, мамлекеттик кызматка баратканы үчүн анын инвестициялык директору кызматынан кеткенин жарыялаган.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Елизаветанын” директору Нуржан Тынымсеитова учурда Бишкек шаардык кеңешинде Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын депутаты. “Елизавета” менен “Столица строй” компанияларынын негиздөөчүлөрү катары Азиз Суракматовдун уулу Айдар Суракматов менен бир тууганы Гүлбара Суракматова экени көрсөтүлгөн.
Азиз Суракматов Бишкек шаардык кеңешинин соңку шайлоосуна катышкан Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын (КЭДП-НДПК) артында турары айтылган. Ал өзү партия тизмесинде жок болгону менен штаб башчы катары расмий иштеген.
“Ала-Тоо 24” телеканалындагы шайлоого байланыштуу дебаттардын биринде “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков бул жөнүндө мындай пикирин билдирген эле:
“Сиз “Жерди канчага сатып алыптыр?” деп жатпайсызбы, алар чынында жерди сатып алышкан эмес. Болгону ижарага алышат да, имаратты тургузуп коюшат. Мындай жерлерден Бишкекте кеминде 200. Бир эле мисал, Панфилов паркында Азиз Суракматов өтө чоң имарат салды. Ал шаардын көркүн да бузат, жанында борбордук аянт, муниципалдык жер. Андагы батирлерди ири суммага сатып алган адамдар коммуналдык төлөмдөрдөн сырткары жерге ижара акысын төлөөгө аргасыз болушат. Бул кандай башаламан нерсе экенин түшүнүп атасызбы? Буларды жерди рынок баасында сатып алууга мажбурлаш керек. Мен бирөөнү жана эң лөктөрүн гана айттым. Ал азыр бир партия менен Бишкек шаардык кеңешине баратат? Билесизби эмне үчүн? Мына ушул мыйзамсыз нерселерин коргоо үчүн баратат. Биз ага жол бербешибиз керек”,- деген ал.
Шайлоо демекчи, Суракматов менен байланышкан КЭДП Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7% чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.
Бирок Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы өткөн айда бул партияны шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон. Тараптардын талашы 4-майда Жогорку сотто да каралып, башкы инстанция аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин колдогон.
Шайлоодо административдик ресурс колдонулганы жана добуш сатып алынганы тууралуу айыптар токтобой койгондуктан Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда берүүнүн жалпы жыйынтыгын жокко чыгарган. Муну 19-майда БШК да колдоп, башка эки шаар менен кошо Бишкекте да шайлоо өтмөк болгон. Ушул шартта КЭДП кайра шайлоого катышууга камданып турган.
Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын (КЭДП-НДПК) соңку жарышта баштап чыккан Илим Карыпбеков 27-майда видео билдирүү таратып, Суракматовдун кармалышын келерки шайлоодо аларга карата бут тосуу катары баалады. Ал кайрылуусун президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдоду:
“Сиздер өз сөзүңүздөрдө шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары жана башкалар эч кандай таасир көрсөтпөйт деп кепилдик алып келесиздер. Суракматов Азиз Эмилбекович болсо партиянын шайлоо штабынын башчысы катары дагы деле ишин аткарып келаткан. Эми анын камакта олтурушу КЭДП партиясынын мындан кийинки кадамдарына таасир бербей койбойт. Суракматов буга чейин деле качкан эмес, мындан кийин деле качпайт. Ал киши өзүнүн актыгын, адилеттүүлүгүн мыйзам чегинде далилдей алат деген ишенимдемин. Ошондуктан мен Азиз Эмилбековичтин бөгөт чарасын үй камагына деп өзгөртүп берүүңүздөрдү суранам. Анткени мында саясий боёк бар деген күмөн калбашы керек”.
Албетте, социалдык түйүндөрдө да экс-мэрдин кармалышын саясий өңүт менен байланыштыргандар чыгып жатат. Айрымдар муну бийликтин казынага жаңы каражат өндүрүү аракети катары да мүнөздөшүүдө.
Буга чейин кылмыш иши козголгондордон мурдагы бажычы Райымбек Матраимов 2 млрд. сом, депутат Кубанычбек Жумалиев 1 млрд. сом, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев 100 млн. сом, Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 70 миллион сом, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн. сом, кримтөбөл Камчы Көлбаев 50 млн. сомдой төлөп берген. Бөлөк иш менен кайра камалган Матраимовдон башкасы үй камагына чыккан же тилкат менен бошотулган.
Ал эми мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов мамлекетке жардам катары 100 млн. сом берди. Ага удаалаш эле анын кылмыш иштери токтотулган.
Талдоочу Мүсүркул Кабылбеков пикирин мындайча ортого салды:
“2010-жылы президент Курманбек Бакиевдин жеңилишинен кийин анын учурунда иштегендер жаңы саясий топко бириккенин жакшы билесиздер. Так ошол жылкы парламенттик шайлоодо Азиз Суракматов Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу “Ата-Журт” партиясында чыгышкан. Аны кайсы бир деңгээлде азыркы президенттин да, Ташиевдин да үзөңгүлөшү деп айтсак жарашат. Бери дегенде алардын саясий каршылашы болчу деп айта албайм. Суракматов олуттуу, конфликтке барбаган, этияттык менен иш кылган жигит болчу. Бир да бийликтин учурунда оппозициялык аракет деп сыпатталган көрүнүштөргө кириптер болгон эмес. Ал чыныгы бизнесмен катары иштечү жана “акча тынчтыкты сүйөт” деген принцип менен жүрчү. Албетте, соңку шайлоодо КЭДП партиясынын демөөрчүсү болду, бирок ал партия шаардык кеңешке келгенде деле оппозиция болмок эмес. Ал баары бир бийликчил болмок. Ошондуктан жеке мен соңку кармоонун артында кандайдыр бир саясий өңүт бар деп айтуудан алысмын. Менимче, анын кармалышына макулдук берилсе, демек кайсы бир мыйзамсыз иштерине жокко чыгарылгыс далилдер табылган болушу мүмкүн. “Курулуш мафиясы” кандай гана иштерге жөндөмдүү экенин жакшы билебиз да”.
Азиз Суракматов парламентте беш жыл депутат болуп турган кезинде кайсы бир билдирүүлөр же мыйзам долбоорлору менен таанылган эмес. Журналисттер аны дээрлик унчукпас депутат катары таанычу. Эки жылдык мэрлик кызматта ал чарбачылдыгын көрсөтүп, бир нече жаңы парктарды курганы алкоого татыган.