27-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент ачылды.
Бул эстеликти коюунун максаты ушул аймакта "Атлах" салгылашуусу болгонун тастыктоо жана туристтерди тартуу болуп саналат. Монумент KOICA уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Мындан сырткары аталган уюм облус аймагында туристтик шартты жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлорду иштетет.
"Атлах" салгылашуусу 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарынын жанында өткөн жана ал дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирет. Анда Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлеринин согушу болгон. Жыйынтыгында Тан династиясы жеңилип, Араб халифаты жеңишке жетишкен. Борбор Азияда ислам дининин жайылышына дал ушул салгылашуунун орду чоң экени айтылат. (MKt)
Дагы караңыз
Муфтий шайлоого байланыштуу курултай 26-июнга жылдыОрусиядан Ошко учуп келген тажик жараны аэропортто кармалып туратСадыр Жапаров Баткенде убактылуу жайда баш калкалаган эл менен жолукту “Элит Хаус” компаниясынын ээси Тимур Файзиевге сыртынан айып тагылдыЖогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев каза болду"Чиеш тагдырлар II" китеби жарык көрдүАнкарада Садыр Жапаровдун Түркияга сапары талкууланды