Талас: көз жарган өспүрүм кыздын жагдайын териштирүү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 26-майда 16 жашар өспүрүм көз жарды. Аталган ооруканын башчысынын орун басары Нургүл Момбекова кыз Кара-Буура районунун тургуну экенин, төрт килограмм салмактагы уулдуу болгонун билдирди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы өспүрүмдүн кандай шартта кош бойлуу болгону териштирилип-иликтене баштаганын кабарлады.

Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жарган кыздардын саны 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу азайганы менен токтой элек. Ага ылайык, учурда миң өспүрүмгө алты төрөт туура келет. Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын 500дөй 13-17 жашар кыз көз жарат. (MKt)

Дагы караңыз

Парламентте Баткенге өзгөчө макам берүү долбоору каралып жататCOVID-19: Кытай вирустун чыгышын аныктоонун айланасындагы "саясий упай топтоону" сындадыДоллардын баасы кайра 84 сомдон аштыCOVID-19: Мелбурн бир жумага карантинге жабылуудаПрезидент чек ара чырында жабыркаган Максат айылына бардыКумтөр-2017: Миллиарддаган экологиялык доодон баш тартууЖергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны 38% жеттиАлександр Лукашенко менен Улукбек Марипов Минск шаарында жолугушат