Жыныстык тарбияны ким берет?
Апрель айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыздын ишине байланыштуу 17 жаштагы өспүрүм эки айга камакка алынган. Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында жашы жете электер арасындагы төрөт саны боюнча Кыргызстан 2-орунда турат. Серепчилердин баамында жашы жете электе зордукталып же алданып калган кыздар көбүнчө коомчулуктун кодулоосуна туш болот. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу сексуалдык билим берүү тууралуу баарлаштык.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 13, 2024
Аялдар зордук-зомбулуктан кантип коргоно алат?
-
Ноябрь 30, 2024
Ата-эне мээриминен өксүп, ара жолдо калган балдар
-
Ноябрь 16, 2024
Туура эмес тамактануу жана сасык тумоо васкулитти пайда кылат
-
Октябрь 25, 2024
Ажырашкан аялына өчөшүп, баланы курал туткан аталар
-
Октябрь 21, 2024
"Кызым "психологго" алданып ажал тапты"
-
Сентябрь 20, 2024
"Экинчи аял алам дейт". Кош никеге жол ачкан агенттиктер