Александр Лукашенко менен Улукбек Марипов Минск шаарында жолугушат

Улукбек Марипов.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларуста КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Расмий маалыматка ылайык, ал ошондой эле Минскиде Александр Лукашенконун кабыл алуусунда болот. Андан сырткары Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугат.

Эл аралык жыйын Беларуста 28-майда башталат. Анда инфекциялык ооруларга каршы чогуу күрөшүү, санитардык коргоо жаатында кызматташуу жана жумушсуздук маселелесин чечүү талкууланат.

Беларуста 2020-жылдын августунда жыйынтыгы талаш жараткан президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңгени айтылган. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери аны тааныган эмес. Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону дароо куттуктаган.

Дагы караңыз

Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны 38% жеттиПрезидент чек ара чырында жабыркаган Максат айылына бардыАзербайжан армениялык алты жоокерди кармап кеттиЖК: министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы дагы айтылдыИлим Карыпбеков президентке жана УКМК төрагасына кайрылдыАзиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шек саналуудаCOVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталдыЖК: эл аралык донорлордун каражаты тууралуу маалымат угуу сунушталдыДепутат “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандарга көңүл бурууга чакырды