Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шек саналууда


Азиз Суракматов
Азиз Суракматов

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 27-майда кабарлап, курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгени боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганын маалымдады.

Атайын кызмат Суракматов мэрияда жетекчи кызматтарда иштеген учурда башкалар менен жең ичинен иш бүтүрүп, коррупциялык схема түзгөнүн билдирүүдө. Териштирүү иштеринин баштапкы маалыматтарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы 50 миллион АКШ долларына бааланды.

26-майда колго түшкөн Суракматов УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда ага катышы бар башка кишилердин мүлктөрүн аныктоо иштери жүрүүдө.

Суракматов Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон. Былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан соң өз каалоосу менен иштен кеткен.

Бишкек шаардык кеңештин соңку шайлоосунда ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

"Азаттык" азырынча Суракматовдун жакындары, адвокаты менен байланыша алган жок.

51 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы да болгон.

XS
SM
MD
LG