Кумтөр-2017: Миллиарддаган экологиялык доодон баш тартуу

Кумтөр: эрип бараткан мөңгү

Сапар Исаков жетектеген өкмөт 2017-жылы “Центерра Голд” компаниясы менен кол койгон стратегиялык макулдашууда экологиялык доолордон толук баш тартып, ар кандай талаш-териштирүүлөрдү токтоткон.

“Кумтөрдү” иликтеген соңку мамлекеттик комиссия ошол шарттар андагы "экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу фактыларына көз жумуп, салыктын кээ бир түрлөрүн төлөбөй койгонго жол ачкан" деген тыянакка келди.

2019-жылы күчүнө кирген бул макулдашууга ылайык, “Центерра Голд” экологиялык жана социалдык өнөктөштүк фонддоруна бир жолу жана жыл сайын берилчү төлөмдөрдү которууга макул болгон.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голддун” 2017-жылы 11-сентябрдагы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү тууралуу стратегиялык макулдашуусуна ылайык, кыргыз тарап экологиялык доолордон баш тартып, териштирүүлөрдү токтотуп, өз ара талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга макул болгон. Ошондой эле 2009-жылдагы макулдашууну күчүндө калтыруу шарты макулдашылган.

Дагы караңыз

Кумтөрдүн төлөмүнүн көлөмү

Өкмөттүн доолордон баш тартуу кадамы

Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков муну мамилени кайра карап чыгып, оңдоонун натыйжасы деп баалаган эле:

Сапар Исаков.

“Бүгүнкү күндөн тартып Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кумтөрдүн саясий долбоор болбошуна кызыкдар экенин билдирет. Азыр биз эки датаны болжолдоп жатабыз, биздин келишим күчүнө кирген соң, эки тараптын мамилелери кайра жаңыланат. Кыргыз өкмөтү айлана-чөйрөгө өзгөчө маани берерин баса белгилегим келет, себеби Кумтөр иштеп бүткөндөн кийинки кендеги абал маанилүү. Биз жаратылышыбызды сактап калгыбыз келет. Кумтөрдүн иши кыргыз элине реалдуу пайда алып келишин каалайбыз. Сиздер акыркы маалда бизге ыктаган иш-аракеттериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кумтөр долбоорунун иши болушунча ачык болушун жана ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болушун каалайбыз”.

Бирок соңку мамлекеттик комиссиянын тыянагында көрсөтүлгөндөй, дал ушул стратегиялык макулдашууга ылайык, “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканалары кен казган жерде көп жылдык муздарды талкалап, өндүрүштүк калдыктарды мөңгүлөрдүн үстүнө төккөн жана сууну өндүрүшкө мыйзамсыз пайдаланган учурларга байланыштуу сот иштери жабылган. Бул үчүн "Центерра" жылдык экологиялык төлөмдү 310 миңден 3 млн. долларга көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна бир жолу 50 млн. доллар, онкологиялык борборго 10 млн. доллар которо турганы көрсөтүлгөн.

2018-жылы Сапар Исаков бийликтен кеткенде макулдашуу токтоп калган. Анткени, кийинки премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган макулдашуу кыргыз тараптын кызыкчылыгына төп келбестигин, бул боюнча сүйлөшүүлөр улантыларын айтканы бар:

“ Биз “Центерранын” жетекчилери бул жакка келгенде алар менен сүйлөштүк. 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлган стратегиялык келишимде бир канча маселелер каралган экен. Биз ага макул эмеспиз. Биз бул тууралуу өзүбүздүн ойлорубузду айттык. Азыркы өкмөттүн көз карашы боюнча, биз анын шарттарын жакшыртышыбыз зарыл. Стратегиялык макулдашууга биздин позицияны дагы кошуп туруп, кандай жыйынтыкка келгенибизди анан айтабыз. Биз аларга сунуштарыбызды айтып, анан алар кетишти. Стратегиялык келишим азыр күчүнө кире элек”.

Дагы караңыз Кумтөр-2009: коруктун жери, 33% үлүштүн сыры

Ошентип, мурда Исаковдун өкмөтү доолордон баш тартканы үчүн башында “Центеррадан” 87 млн. доллар өндүрүүнү көздөсө, Абылгазиевдин өкмөтү эки жылдай жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында анын өлчөмү 150 млн. долларга көбөйтүлгөн. Мурдагы жаратылышты коргоо фондунан сырткары социалдык өнөктөштүктүн аймактык өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага “Кумтөр Голд Компанинин” кирешесинин 0,4% ай сайын которуп туруу милдеттемеси берилген.

Ошол эле кезде рекультивациялык фондго 69 млн. долларды бөлүп, жыл сайын 6 млн. доллардан которуп туруу макулдашылган. Бирок макулдашууда аны Кыргызстанга которуп алып келүү шарттары көрсөтүлгөн эмес. Мындан сырткары геологиялык чалгындоо иштерине 16 млн. доллар бөлүнгөн.

Соодалашуунун жыйынтыгы

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков бул соодалашуу экологияга чоң зыян келтирген доолордон баш тартууга алып келгенин белгиледи:

Кубанычбек Исабеков.

“Булар биздин мүрөктөй болгон мөңгү сууларын бир тыйын акча төлөбөй өндүрүшкө пайдаланып келишет. Биз бардыгыбыз сууга төлөйбүз. Алар төлөбөйт. Биздин парламент акча төлөтпөй эле сууну берип, эки мөңгүнү талкалоону мыйзамдаштырып, Атамбаевдин ишараты менен ал жерде кен иштеткенге уруксат берип коюшкан. Ошол депутаттар азыр кантип уялбай, кыйкырып жатышат? 2017-жылдагы стратегиялык сакулдашуунун шарттары эң начар болгон. Азыркы өкмөт ошону жокко чыгарууга тийиш. Андан кийин парламентке жаңы мыйзам сунуштап, киргизип, мөңгүлөрдү бузууну кылмыш катары биротоло бекитүү зарыл. Өздөрүнүн кетирген кемчилигин өздөрү чукуп, эми сууга төлөш керек деп чыгышты. Эл аралык сотко барганда дагы башында ички мыйзамдарды карайт”, - деди Исабеков.

Кеп болуп жаткан стратегиялык макулдашууга чейин өкмөттүн алдындагы Экотехинспекция “Кумтөр Голд” компаниясына экологияга келтирген зыян үчүн 7 млрд. сомдон ашуун доо койгон. Кумтөрдө 1996-жылдан берки кен казуунун кесепетинен айлана-чөйрөнүн булганганы жана өндүрүш калдыктарынын ташталганы үчүн сотко эки доо арыз берилген.

Дагы караңыз

Молдогазиева: мөңгүлөрдү коргоо мыйзамы керек

"Эрип" кеткен эки мөңгүнү мыйзамдаштыруу

Бирок ал макулдашууну утурлай Суу кодексине өзгөртүү киргизилип, Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү бузулганын мыйзамдаштырган ченемдер бекитилген.

Бул мыйзам долбоору парламентке чыкканда жарандык активисттер, экологдор бир нече ирет нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ошол кездеги вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кендеги эки мөңгү эбак эле эрип, жок болуп баратканын айтып, мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин башка мөңгүлөрдү сактап калуу айласы деп түшүндүргөн:

Дүйшөнбек Зилалиев.

“Эми аларды башка жакка которуп, коопсуздукту камсыздоо зарыл. ​Эки мөңгүнү эми иштете берели, калгандарына тиймей жок деген катуу талап койдук. Азыр эки мөңгүнү тактап чыкканыбызда биринде 20%, экинчисинде 70% муз массасы эбак эле эрип жок болгону аныкталды. Бул эки мөңгү азыр улам ылдый көздөй жылып бара жатат. Аларды улам-улам көчүрүп, жылдырып турбаса, анда ал мөңгүлөр кен казылып жаткан жерлерди басып калышы мүмкүн. Бул абдан олуттуу экологиялык апаатка алып келет".

Ошол кездеги өкмөттүн "Центерранын" кызыкчылыгын коргогону дагы бекеринен эмес. Анткени, Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарында жана макулдашууларда кенден алтын казуу мөңгүлөргө зыяны тийбеши керек деген талаптар коюлган.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров 2012-жылы алтынды ачык казууга уруксат берүү мурдатан бери мөңгүлөр бузулганын легалдаштырып, андан аркы талкалоого жол ачкан деп эсептейт:

Акылбек Жапаров.

“Кумтөр Голд Компани” 2012-жылы алтын кенин жер астына кирип казуу боюнча мурда бекитилген пландан баш тарткандан кийин тиешелүү расмий уруксат алып, мөңгүлөрдү талкалап, алардын үстүнө топурак калдыктарын ачык эле төгө баштаган. А бирок, мөңгүлөрдү талкалап, үстүнө калдыктарды төгүп, алардын тез ээришине өбөлгө түзгөн иштер алтын кен казыла баштаган тээ 1995-жылдан бери эле жүрө баштаган. Биздин комиссиянын жана буга чейин иликтеген бардык комиссиялардын тыянактарында бул тууралуу фактылар бар. Негизи, биздин мыйзамдар боюнча мөңгүлөрдүн жанында кен казууга тыюу салынган. 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталганда “Эки мөңгүнүн 30% эле калып, эбак эле эрип талкаланыптыр, аларды мыйзамдаштырып берели, бирок кийинкилерине уруксат берилбесин” деген негиз менен парламентке сунушталган. Биз карап, бекитип бергенбиз".

Дагы караңыз

“Кумтөрдүн” чыры күчөдү

Коркунучтарга көз жумган кайдыгерлик

Ал эми Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова стратегиялык макулдашуу “Кумтөр Голд” кен каза баштагандан бери табиятка келтирген экологиялык зыяндарына көз жумуп, экологиялык апаатка алып келген абалга өбөлгө түзгөнүн айтат:

Динара Кутманова

“2012-жылы эле “Кумтөр Голд Компанинин” мөңгүлөрдүн үстүнө топурак калдыктарын төккөн иш-аракеттери аныкталып, аларга эскертүү берилип, абалды оңдоого мөөнөт берилген. Андан бери компания эч кандай чара көрбөй эле, мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды төгүп, талкалоо иштери уланган. Талаптар аткарылган эмес. Таштандыларды каалагандай таштап, көп жылдык муздар топурак калдыктары менен кошо аралаштырылып, жайгаштырыла берген. Кээ бир муз массасы бар таштандылардын бийиктиги 120 метрге чейин жеткен. Мындай абалда турган калдыктар абдан кооптуу. Анткени, алар улам ылдыйды көздөп, жылып турат. Алардын суу тосмосун жырып кетүү жана жумушчулар иштеген кен тилкелерин басып калуу тобокелчилиги жогору. 25 жылдан бери 2 млрд. 300 тоннадан ашуун топурак калдыктары топтолуп калган. Бул абдан чоң көлөм. Анын коопсуздугун ойлоп, алдын алуу чаралары жүргөн эмес. Муз аралашкан калдыктар ордунан чукулунан жылып кетсе, экологиялык апаатка алып келе тургандай кырдаал түзүлсө ким жооптуу болот?”.

Сот чечимдерин жокко чыгаруу

Мындан башка 2014-жылы “Кумтөр Голд Компани” кен казган аймактан сырткары жерлерде жайыттарды бузганы үчүн ага 2014-жылы 400 млн. сомдон ашуун айыппул салынган. Ошентип, стратегиялык макулдашууга ылайык, кыргыз өкмөтү 15,5 млрд. сомдон ашуун соттук доолорду артка чакыртып алып, кээ бир сот чечимдери жокко чыгарылып, сот иштери кайра жандантууга мүмкүн болбогон шартта токтотулган. Бул иштердин баары Бишкек район аралык сотунда каралып, дээрлик көпчүлүгү боюнча “Кумтөр Голд” компаниясына зыянды өндүрүүнү милдеттендирген сот чечимдери чыккан болчу.

Бул макулдашууда кайсы бир тараптан доо коюлган учурда кыргыз өкмөтү “Центерранын” кызыкчылыгын коргоп, таламын талашууну милдеттендирген шарт да камтылган.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров салыктык, экологиялык мыйзамдар менен техникалык коопсуздук эрежелерин бузууга байланыштуу кыргыз тараптын доосу тууралуу буларга токтолду:

“Салык кызматынын инспекторлору 2017-2018 жылдары эле салык милдеттемелери бузулуп жатканын байкап, актыларды түзгөн. Бирок биздин өкмөт “Центерранын” кызыкчылыгын колдоп, аталган салык түрлөрү алынбай келген. Бардыгын жалпылап келгенде, 1 млрд. 166 млн. долларды түздү. Биз “макул болсоңор, төлөп койгула, болбосо сотко берип, териштирсеңер болот” деп айттык. Экологиялык доонун негиздемеси талашсыз. Бул боюнча биздин жарандар сотко кайрылган. Анын негизинде 3 млрд. 86 млн. доллар доону өңдүрүү боюнча арызды сот канааттандырды. Ошондо жалпысынан кыргыз тараптын доосу 4 млрд. 200 млн. доллардан ашат”,- деген Акылбек Жапаров.

Дагы караңыз

Мамлекет кендердеги үлүштү тескейт

Ал эми “Центерра Голд” соңку кайрылуусунда кыргыз тараптын дооматтарын четке кагып, эч кандай мыйзамдар бузулбаганын, бардык иштер мурда бекитилген макулдашуулардын шарттарын жана улуттук мыйзамдарды сактоо менен жүргүзүлгөнүн билдирген. Анда канадалык тарап 2009-жылкы башкы келишимдин шарттарын негиз кармап, 2017-жылы премьер-министр Сапар Исаков кол коюп, 2019-жылы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү жетектеп турганда күчүнө кирген стратегиялык макулдашууга ылайык, доолор токтотулганын эске салды.

"Экологиялык мыйзамдар макулдашуудан жогору"

Бирок “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Алексей Елисеев аталган макулдашууда мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берилбегенин айтып, мындай талаштарда экологиялык мыйзамдар үстөмдүк кыларын мисал келтирди:

Алексей Елисеев.

“Биздин келишимде мөңгүлөр жөнүндө бир да сөз жок жана мөңгүлөрдү иштетүүгө укук берилген эмес. Андан тышкары, бул келишимде Кыргызстандын экологиялык мыйзамдары жалпы болуп саналат жана "Центерра" жалпы экологиялык мыйзамдарга милдеттүү түрдө баш ийе деп айтылган. 2009-жылы түзүлгөн келишимге Кыргызстандын экологиялык мыйзамдары колдонулат деп жазылган жана ал өзгөртүүгө да жатпайт. Ал толугу менен кабыл алынган жана “Центерра” ушул келишимге ылайык иштеши керек. Эч кандай талаш-тартыш жок жана болушу да мүмкүн эмес”.

Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирген 2019-жылдын августунда "Центерра Голд" Кыргызстанда Кумтөргө байланыштуу соттук териштирүүлөр, кыргыз өкмөтүнө каршы Гааганын арбитраждык сотундагы жараян токтотулганын жарыялаган. Канадалык тарап кыргыз тарап эпке келбесе, кайрадан эл аралык сотко кайрыларын эскерткен.

Кыргыз өкмөтү болсо “Центерра Голд” көптөн бери Кыргызстандын кызыкчылыгы менен эсептешпей, экологиялык, укуктук жана финансалык маселелер боюнча зыян келтирип, кетирген кемчиликтерин оңдобогону үчүн “Кумтөр” алтын кенине сырттан башкаруу киргизүүгө аргасыз болгонун жүйө келтирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кумтөр: Эл аралык сотко жеткен эрегиш