Борборго 65 метрлик "Бишкек Тауэр" мунара куруу сунушталды

Мунаранын долбоору.

Бишкек башкы архитектура муниципиалдык ишканасы бийиктиги 65 метрлик мунара куруу идеясын калаа башчылыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов "Азаттыкка" кабарлады.

"Биз үлгүсүн даярдап, калаа башчылыгына сунуштадык. Балким бул долбоорго жеке тараптар да кызыкса, эс алуучу жай курулушу мүмкүн".

Мунаранын үлгүсү жөнөкөй архитектуралык ыкма менен чийилген. Башына түндүк орнотулат.

Мунарага кафе, эс алуучу жай сыяктуу объектилерди кошсо болот. Аны баш калаанын түштүк тарабына орнотуу каралган. (BCh)

Дагы караңыз

Молдогазиева: мөңгүлөрдү коргоо мыйзамы керекПрокуратурага жана сотко нааразылар УКМКнын алдына митингге чыгыштыCOVID-19: алты бейтап каза болду, оору 191 кишиден аныкталды Кыргызстандагы бардык райондун акимдери ротация болдуСузак: эстен танганча сабалган уландын окуясы иликтенип жатат25-майда үч миңден ашык милиция кызматкери нөөмөттө болот