Майыптыкты далилдөөнүн азап-тозогу

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун тургуну, 14 балалуу Орозбү Ашымбаеванын өкмөт үйүнүн алдындагы иш-чара учурунда Министрлер кабинетинин орун басарына чуркап чыкканы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Анын мындай кадамы майыптык категориясын алуу азап-тозокко айланганы тууралуу сөздөрдү кайра козгоду.

Аталган окуя медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын ишине сын айткандардын катары калың экенин көрсөттү дегендер да бар.

Кыргызстанда жарандар майыптыгын ырастаган документти жаңыртуу үчүн ушул комиссияга улам-улам кайрылып турушу керек.

Эненин аргасыз кадамы

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева Ислам өнүктүрүү банкы берген сегиз санитардык унааны тапшыруу аземинде сөз сүйлөп жаткан. Ошол маалда трибунага чуркап чыккан Орозбү Ашымбаеваны милиция кызматкерлери күч менен сүйрөп чыгышкан. Кийинчерек ал мындай кадамга аргасыз барганын кабарчыларга айтып берген:

"14 балам бар, алардын жетөө майып. Ошонун бешөөнүн майыптыгын комиссияга далилдей албай жүрөм. Оштогу медициналык-социалдык экспертиза комиссия майыптыгы бар ар бир адамдан 100 миң сомдон алышат".

Ашымбаева атаган адамдар бул дооматка жооп кайтара элек.

Көп балалуу энени Жылдыз Бакашева кабыл алганы белгилүү болду. Өкмөттөн аны бир кызы, күйөө баласы, үч небереси менен майып экени, алардын мамлекеттен алчу жөлөк пул, социалдык камкордук маселесин чече турган медициналык- социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) чечими чыкпай жатканы аныкталганы айтылды.

Дагы караңыз Майыптыгы бар адамдар иш таба албай кыйналды

Бакашева бул жарандын маселесин көзөмөлүнө алганын маалымдады:

"14 баласынын арасынан бир кызынын майыптыгы бар экен. Кызынын күйөөсүнүн да абалы ушундай. Бул кызынан үч баласы да тубаса майып болуп төрөлүптүр. Ушул майыптыгы бар кызынын үй-бүлөсүн медициналык-социалдык экспертизалык комиссиядан тастыктоодон өткөрүүдө кыйналып жаткан экен. Мен бул багытта жооптуу адамдар менен байланышып, Орозбү айымдын маселесин токтоосуз чечүүнү талап кылдым. Көйгөйлөрү чечилгенче жеке көзөмөлүмдө болуп турат", - деди.

Нааразылыктан арылбаган МСЭК

Майыптыгы бар адамдардын саламаттыгын жана социалдык статусун тастыктоочу аймактардагы жана борбордук МСЭК бөлүмдөрү тууралуу нааразылык айтылып келген. Айрыкча, жаш балдардын майыптыгын ырастоо жыл сайын өткөрүлүп, ата-энелер бир топ чыгымга учурап, моралдык жактан да кыйналышарына даттанышкан.

Бишкектин тургуну Чынаранын 12 жаштагы уулунун акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелген. Уулунун майыптыгы бар экенин эне жылына комиссиянын чечими менен тастыктап, керектүү жөлөк пулду бир топ убара-түйшүк менен гана алып келет.

"Комиссияга жылына кирип, бир нече саат кезек күтүп, майыптыгы бар баламдын чын эле майып экенин какшап далилдеп берүүгө аргасызмын. Ооба, буту-колу басат, бирок акыл-эси өнүкпөй, өз алдынча боло албай жатпайбы. Сыртынан соо көрүнгөнү менен бир киши дайыма уулумду карашы керек дегенди он чакты дарыгер-психиатрлар, МСЭК мүчөлөрүнө жылына далилдеген мен үчүн өтө оор. Айла жок. Кээде "балаң соо эле болуп турбайбы" деп күйгүзүшөт. Кантип соо? Өз алдынча жүрө албаса, сырткы дүйнөдөн эч нерсени түшүнбөсө, кантип соо болот? Мындай азап жыл сайын кайталанат".

"Эреже-талаптын өзгөрүшү күмөн"

Буга чейин Жогорку Кеңеште адамдардын майыптыгын маал-маалы менен текшерген комиссиянын талаптарын жеңилдетүү демилгест көтөрүлгөн. Бирок бул сунуш сөз бойдон гана калган.

Евгения Строкова

Мындай демилгени көтөргөндөрдүн бири, депутат Евгения Строкова майыптыгы бар адамдарды түпөйүл кылган маселенин чечилеринен күмөн санайт:

"Мисалы, бирөөнүн буту кесилген дейли, же көзү көрбөйт. Анан ошолор жылына эле убара болуп МСЭКке өз абалын далилдеп тастыктама ала беришет. Майыптыгы бар адамдардын көбү бизге бул комиссияда коррупция бар экенин айтып кайрылышкан. Биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, майыптыкты далилдөөнүн мөөнөтүн азайтуу демилгесин көтөргөнбүз. Эми парламентте бул маселе көтөрүлөбү, жокпу билбейм. Жаңы шайланган чакырылыш МСЭКтеги көйгөйдү карайбы, белгисиз. Бирок, жанагыдай окуя болуп, түздөн-түз бийликке жеткенине бир чети сүйүнүп жатам. Балким дал ушул эненин аркасы менен майыптыгы бар адамдарды кыйнаган көйгөй чечилет".

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт. Алардын отуз миңден ашуунун балдар түзөт.

Тубаса жана кийин майып болгондордун айрымдары жылына, кээ бири 2-5 жылда майыптыгын далилдеп, медициналык-социалдык экспертизадан тастыктама алмайын мамлекеттен жөлөк пулду алалышпайт.

Жөлөк пулдун суммасы 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин болот.