АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 19-май, Рейкьявик.

Эки мамлекеттин жогорку даражалуу дипломаттарынын алгачкы сүйлөшүүсү Исландияда өттү.

Кремль 20-майдагы билдирүүсүндө АКШ менен Орусиянын жогорку дипломаттарынын жолугушуусун конструктивдүү деп атап, Путин менен Байдендин ыктымал саммитин өткөрүү үчүн «позитивдүү белги» катары мүнөздөдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-майдын кечинде Исландияда жолуккандан кийин эки мамлекеттин ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болсо да, чогуу кызматташуу жолдорун таба алышарын белгилешти. Бул Байден Американын башына келгени эки өлкөнүн жогорку даражалуу дипломаттарынын алгачкы бетме-бет жолугушуусу болду. Ал Арктика кеңешинин эки күндүк жыйынынын алкагында өттү.

20-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Путин Байден менен жолугуу тууралуу чечим кабыл алуунун алдында Москва эки дипломаттын сүйлөшүүсүн анализдеп чыгат.

Дагы караңыз АКШ Арктиканын аскердешүүсүнө кабатыр

Сергей Лавров Рейкьявикке Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкандан кийин барды. Жыйындын алкагында Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, чек арадагы абалды талкуулаган.

Ал эми Исландияда эки державанын жогорку даражалуу өкүлдөрү бир катар темаларды, анын ичинде орус аскерлеринин Украинада жана анын жака белинде жайгашуусу, Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал, Орусияда кармалып турган эки америкалык жарандын бошотулушу жана Байден менен Путиндин ыктымал саммити тууралуу сүйлөштү.

Орусиянын тышкы иштер министри Рейкьявиктеги жолугушууну «конструктивдүү» деп атады, ошол эле маалда эки мамлекеттин дүйнөгө болгон көз карашында «олуттуу пикир келишпестиктер» бар экенин жашырган жок.

Ал эми Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен сүйлөшүүдө орусиялык аскерлердин Украинанын чек арасына жакын жерге топтолушу, Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын кармалышы жана «Америка Добушу» менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна каршы болуп жаткан аракеттер боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Дагы караңыз "Радио Свобода" Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданды

"Биздин кызыкчылыктар кесилишкен көп тармактар бар. Бул кызыкчылыктарга таянуу менен коронавирус пандемиясына, климаттын өзгөрүүсүнө жана Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасына каршы күрөштө жана Ооганстан темасы боюнча чогуу кызматташа алабыз",-деди Блинкен.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлү дээрлик эки саатка созулган жолугушууну жемиштүү деп атап, бирок анда эч кандай жылыштар болбогонун, Москва-Вашингтон алакаларынын үстүндө иш алдыдагы жумаларда жана жылдарда улантыларын кошумчалады.

"Интерфакс" кабарлагандай, Байден менен Путиндин ыктымал саммити тууралуу суроолорго Лавров жооп берүүдөн баш тартты. АКШнын Мамдепартаментинин билдирүүсүндө да эки президенттин боолголонуп жаткан жолугушуусу жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Блинкен менен Лавровдун бул жолку сүйлөшүүсү АКШ менен Орусиянын ортосунда Украина, Крым, орусиялык хакерлердин Америкадагы мунай түтүгүнө чабуулу сыяктуу бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер күчөп турган учурда өттү.

"Түндүк агым-2": санкция салынбайт

Ал арада Кошмо Штаттар "Түндүк агым-2" газ куурунун операторуна санкция салуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Конгресске жолдогон катта айтылат. Ага ылайык, бул чечим Американын “улуттук кызыкчылыгына” төп келет.

Сөз болгон оператор - "Nord Stream 2 AG" орусиялык мамлекеттик “Газпром” компаниясынын курамына кирет. Санкция салбоо чечимин айрым байкоочулар Жо Байдендин администрациясынын Германияга достук ишараты катары баалашты. Бирок бул кадам Конгрессте сынга кабылды. Мыйзам чыгаруучулардын көбү "Түндүк агым-2" долбоору Европанын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтышат.

Европалык бир катар лидерлер да куур Орусиянын ресурстарынан көз карандылыкты күчөтөт деген пикирин билдирип келишет. Ал эми расмий Берлин Мамдепартаменттин чечимин кубаттады. Москва болсо куурду саясаттан тыш экономикалык долбоор деп атап жүрөт.

Ошол эле маалда Вашингтон орус газын Европага Украинаны кыйгап өткөн жолдор аркылуу ташыган куурдун жаткырылышына каршы позициясында кала берүүдө. Андыктан курулушка катышкан 4 кемеге жана 3 компанияга санкция салууда.