БШК: 7-июнда 13 шаарда мэр шайлоо болот

БШК имараты.

Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленди.

Шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырып шайлашат.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (RK)

Дагы караңыз

21-майдын аба ырайыУКМК: Министр Дыйканбаев ири өлчөмдөгү пара үчүн кармалдыУКМК: Көр сатууга шектүү кызматкер кармалдыУлуттук банк "Кумтөрдөн" 29 млн. долларга алтын сатып алды