АКШ Арктиканын аскердешүүсүнө кабатыр

Арктикадагы Орусиянын кемелери

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Арктикадагы аскердик кубатын арттыруу саясатына тынчсыздануусун билдирди.

Арктика кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Исландияга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-майда Рейкьявикте журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Арктикада аскердик күчтөнүү саясатына тынчсызданып, бул чөлкөмдүн милитаризациясына жол бербөө керектигин эскертти:

Энтони Блинкен

“Биз Арктикадагы аскердик аракеттердин активдешип жатканына тынчсызданабыз. Алар кырсыктардын жана коркунучтардын көбөйүшүн шарттайт жана бул чөлкөмдүн тынч жана туруктуу келечеги боюнча жалпы максатка каршы келет. Ошондуктан бул жаатта этияттап мамиле кылышыбыз керек”-деп билдирди.

Блинкендин Исландияга сапары алдында Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жыйында Вашингтондо Арктиканы жаңжалдардан эркин аймак катары сактап, кеңештин мүчөлөрү орток баалуулуктардын, климаттагы өзгөрүүлөрдүн терс таасирин алдын алуунун үстүнөн иштегидей шарт түзүүнү сунуш кыларын билдирген.

Арктика кеңеши – Арктиканын айланасындагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм. Ага сегиз өлкө: АКШ, Канада, Дания, Исландия, Орусия, Швеция, Финляндия, Норвегия мүчө.

Дал ушул кеңештин бул жылкы жыйынынын алкагында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 20-майда жолугушат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги башкы дипломаттар “ортодогу мамилелерди жана эл аралык маселелерди талкуулашарын” билдирди.

АКШнын Чалгын кызматы апрелдеги баяндамасында Москва Арктикада аскердик жана экономикалык таасирин күчөтүүгө кызыкдарлыгы жөнүндө айтылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 17-майда Батыш өлкөлөрүн Арктика боюнча Орусияга карата дооматтары суу кечпей турганын билдирген:

Сергей Лавров

“Биз Орусия Арктикада аскердик кубаттуулугун активдештирип жатат деген сөздөрдү жармаштырып жатканын көрүүдөбүз. Баарыңарга мурдатан эле эң сонун белгилүү болгондой, бул биздин аймак, биздин жер. Арктиканын бизге таандык жээги коопсуз болушу үчүн жооп беребиз. Ал жакта биздин өлкө эмне кылса да мыйзамдуу”.

Блинкен менен Лавровдун бул жолку сүйлөшүүсү АКШ менен Орусиянын ортосунда Украина, Крым, орусиялык хакерлердин Америкадагы мунай түтүгүнө чабуулу сыяктуу бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер күчөп турган учурда өткөнү жатат. Жолугушууда Вашингтон менен Москванын ортосундагы эң маанилүү маселелер талкууланышы мүмкүн.

Энтони Блинкен ушул аптанын башынан бери Түндүк Европаны кыдырып жүрөт. Ал 18-майда Копенгагенде Даниянын премьер-министри Метте Фредриксен менен жолукту. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө бул жолугушууда климаттык кризис, жашыл технологияны өнүктүрүү боюнча маселе талкууланган.

Анын жүрүшүндө Блинкен Кошмо Штаттар Арктикадагы экологиялык туруктуулукту сактоого жана бул жааттагы технологияларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Ошондой эле Кошмо Штаттар менен Даниянын жетекчилери НАТОнун алкагында кызматташтык бекемдөөнү макулдашкан.

Ал эми Исландиядан соң мамлекеттик катчы Гренландияга барып, жетекчилиги менен жолугат.