Чек ара: бир көчөнүн кайгысы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик жаңжалында Баткендеги Карабак айылынын беш тургуну каза болду, алардын төртөө бир көчөдө жашаган коңшулар болгон. Алар 29-апрелде Көк-Таш айылы тараптагы “Головной” тилкесине барып, минометтун огунан мерт болгон. Айылдаштарынын айтымында, маркум коңшулар жашоосуна тың, үй-бүлөсүн жалгыз баккан жарандар эле.