Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токой айылында жаңы Фельдшер-акушердик пункттун (ФАП) курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул бейтапканада стоматология, гинекология, жугуштуу жана жүрөк ооруларын кароо бөлүмдөрү болот. Заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо каралган. ФАПтын курулушунун баасы 2,8 млн. сом деп эсептелип, каражатты “Ассанабил” кайрымдуулук фонду бөлүп берген.
Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох (анклав) районунун айылдары менен чектешет. Мурунку ФАП 1962-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Ал айылда миңден ашуун адам жашайт. (TSh)
Дагы караңыз
Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдарГаза тилкесинде тынчтык орнотууга чакырган митингдер өттүТИМ Түркияга бараткан кыргызстандыктарга медициналык полис алууну сунуш кылдыАбактагы Молдокматов Жогорку Кеңешке кайрылып, мыйзамсыздыкка кабылганын билдирди