Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Абактагы Молдокматов Жогорку Кеңешке кайрылып, мыйзамсыздыкка кабылганын билдирди


Жеңиш Молдокматов Биринчи май райондук сотунун алдында. Бишкек. 8-май, 2021-жыл.
Жеңиш Молдокматов Биринчи май райондук сотунун алдында. Бишкек. 8-май, 2021-жыл.

"Массалык башаламандык" беренеси менен айыпталып, камакка алынган активист, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Анда Молдокматов өзү кармалган учурдан тартып жалаң мыйзамсыздыктарга туш болуп келе жатканын билдирген.

"Биринчиден, мен УКМКнын (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети -ред.) имаратын таптакыр басып алган эмесмин. 2020-жылы 6-октябрда болжол менен таңкы 5те УКМКга келгенимде, түштүк тарабындагы дарбазасы КАМАЗ автоунаасы менен сүздүрүлгөн экен, дарбаза ачык болчу. Мен КАМАЗдын кузовуна чыгып, элди УКМКнын ичине кирбөөгө, тынчтанууга чакырдым. Андан соң УКМКнын ошондогу төрагасы Опумбаевдин жардамчысы менен сүйлөшүүлөргө барып, мурдагы президент А.Атамбаев менен С.Жапаровду камактан чыгаруу жөнүндө макулдашууларга келдик. Жарым саатка жетпей А.Атамбаев, андан соң Молдовановкадагы колониядан С.Жапаров бошотулган.

Экинчиден, 6-майда мени камакка алуу жөнүндө токтомунда кармоонун негизи деп, тергөөчү: “шектелүүчү кылмыш кылуу учурунда же болбосо түздөн-түз ошондон кийин эле кармалды” – деп көрсөткөн. Бул болсо таптакыр чындыкка дал келбейт. Окуя 2020-ж. 5-6-октябрда, башкача айтканда, 7 ай мурун болуп жатса, анан кайдагы “түздөн-түз кылмыштан кийин” болот?" деп жазган Молдокматов.

Автор кармалып, камалышын өзүнө карата саясий куугунтук деп билдирген. Ал парламент депутаттарына кайрылып, 2020-жылдын 5-6-окятбрында болгон окуяларга саясий баа берүүнү талап кылган.

"Жогорку Кеңеш тарабынан атайын депутаттык комиссия түзүлүп, ал комиссия 2020-ж. октябрь айындагы окуяларды ар тараптуу изилдеп, саясий баа беришин талап кылам. Ошондогу бийлик алмашуу төңкөрүшпү, бийликти күч менен басып алуубу же революциябы? - деген суроолорго так жана даана жооптор берилип, октябрь окуяларына расмий “макам” берилиши керек. Ошол эле депутаттык комиссия тарабынан мага карата козголгон сотко чейинки өндүрүштүн мыйзамдуулугун, аны териштирүүдө жол берилген мыйзам бузуулар да каралып, аларга да баа берүүсүн суранам жана конституциялык укугума ылайык талап кылам!" деп жазган Жеңиш Молдокматов.

Былтыр парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин аны өзгөртүп Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) менен кине койду.

Молдокматов соңку учурда президенттин саясатын кескин сындап жүргөн.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG