Дүйнөлүк базарда мунай баасынын кымбаттоосу Кыргызстандын өзүндө мунай иштетүү тармагын жандандыруу зарылчылыгын жаратууда. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 108 млн. тонна мунай запасы бар. Ушул тапта Кыргызстанда он чакты мунайды кайра иштетүүчү заводдун бирөө гана толук иштеп жатат.
Кыргызстанда күйүүчү май жыл башынан бери 30 пайыз кымбаттады. Азырынча баалардын көтөрүлүшү басаңдачудай эмес. Бул жаатта дээрлик 100 пайыз импортко көз каранды болгон Кыргызстандын өзүндөгү мунай заводдору негизинен иштебей турат. Кытайдын “Чайна Петроль Жунда” компаниясы курган "Жунда" заводу учурда пандемияга байланыштуу ишин токтоткону расмий кабарланган.
Жумушу жүрбөгөн "Жунда"
Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматов болсо "Жунда" заводу коррупциянын айынан иштебей турат деген пикирин комитеттин жыйынында билдирген:
"Биздеги эл аралык нормаларга жооп берген, миллиарддаган салыктарды төгүп жаткан "Жунда" заводун текшере берип, жаап тындыңар. Беш жыл бою текшерүүдөн башы чыкпай, акыры жаап салды. Аны ар кимиңер ар жактан саай бергендин ордуна, сапаттуу күйүүчү май чыгарууга милдеттендирүүчү токтомдор менен иштетишиңер керек эле. Жаманбы-жакшыбы "Жунда" заводу "Кыргызмунайгаздын" мунайын нак акчага сатып алып жаткан. Жападан жалгыз атамекендик мунай өндүрүүчү ишканабызда иштегендер ошону менен нан таап, балдарын багып жаткан".
"Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.
2015-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыш курамы жоктугуна" байланыштуу заводдун кызматкерлерин актаган.
Андан кийин ишин жанданткан завод 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу кайрадан ишин токтоткону кабарланган.
108 млн. тонна мунай запасы бар
Кыргызстандагы он чакты мунай иштетүүчү завод жылына 2 миллион тоннадан ашуун мунайды иштетип чыгарууга кудуреттүү. Бул маалыматты "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Азаттыкка" билдирди:
"Биздеги он заводдун кубаттуулугун кошкондо жылына 2 млн. 115 миң тонна мунай иштетип чыгара алат. Биздин жылдык ички мунайзат керектөөбүз 1,5 млн. тоннага жетпейт. Мунайды казып алууну көбөйтүп, аны кайра иштетүүнүн сапатына көңүл буруу зарыл".
Энергетика жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги маалымдагандай, Кыргызстан Өзбекстанга күйүүчү май, ал эми Ооганстанга мазут экспорттойт. Быйыл мунай заттарын сыртка сатууга тыюу салынып, экспорт убактылуу токтогон. Жыл башына карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда мунайдын геологиялык жактан тастыкталган запасы 108 млн. тонна. Бул тууралуу энергетика жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев айтты.
"Ал эми учурда алынып жаткан мунайдын запасы 13 млн. тонна. Былтыр 240 миң тонна мунай өндүргөнбүз. Учурда Кыргызстанда тогуз мунай иштетүүчү завод бар. Алардын ичинен бешөө иштеп жатат. Алардын эң ириси - Жалал-Абаддагы мунай-газ заводу".
Бакыт Дегенбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда мунай бургулоо менен бир гана "Кыргызмунайгаз" ишканасы алектенет. Андан башка заводдор сатып алып, иштетишет.
Бир ай мурун «Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү чакан завод куруп жатканы кабарланган. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, завод «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 миң тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзгөн. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштетип, дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылы 240 миң тонна чийки мунай өндүрүлгөн. 2016-жылы бул көрсөткүч 145 миң тонна болчу.
Кыргызстанда "Жунда" заводунан тышкары Жалал-Абад облусунда, Баткенде, Чүйдүн Кемин, Кант, Кайыңды райондорунда мунайды кайра иштетүүчү заводдор бар.
Ушул тапта өлкө боюнча бир гана ишкана - Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү завод иштеп жатат. Жылына 150 миң тонна мунай өндүргөн бул ишкананын продукциясы Кыргызстандагы күйүүчү май керектөөсүнүн он пайызын да жаба албайт. Анын үстүнө заводдон чыккан күйүүчү майдын сапаты да төмөн болгондуктан өлкөнүн ичинде суроо-талап аз.
Дагы караңыз Күйүүчү майдын баасы чөнтөктү какмай болдуКыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн алдында өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун баарын жаңылап, сапаттуу мунайзаттарын чыгарууга милдеттенме алган. Бул милдеттенменин мөөнөтү 2019-жылы 12-августта бүткөн. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстанда сапаттуу мунайзат эмес, аны өндүрүүчү ишканалардын иши токтоп турат.
Эки тараптуу келишимдердин негизинде Орусия Кыргызстанга жыл сайын 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 100 миң тонна авиакеросинди экспорттук төлөмдөрсүз берип келет.
Орус өкмөтү май майрамдарынан соң сыртка мунай экспорттоону чектөөнү чечти. Азырынча чектөөлөр ЕАЭБдин тышкы чек арасында гана болору кабарланууда. Мурдагы вице-премьер-министр, энергетик Базарбай Мамбетовдун пикиринде, чектөөлөр кийинчерээк биримдиктин ички базарына, Кыргызстанга да таасир этиши ыктымал:
"Чектөөлөр түрдүү болот. Такыр сатпай койбосо да, мунайзаттын көлөмү кыскарышы мүмкүн. Анткени Орусияга биз алардан күйүүчү майды арзан алып, чайкоочулук кылганыбыз жакпайт".
Аткезчилик менен ташылган күйүүчү майдын азабы
Орусиядан бажы төлөмдөрүсүз алынган күйүүчү майдын реэкспорттолушу эл ичинде "аткезчилик менен Тажикстанга ташылган күйүүчү май" деп айтылып жүрөт. Бул 29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыштан соң Тажикстанга күйүүчү май киргизүүгө тыюу салуу талабынын келип чыгышына негиз берди.
Орусия өзү деле бажы төлөмдөрүсүз берген күйүүчү майын Кыргызстан коңшуларына кымбат баалаганына каршылыгын маал-маалы менен билдирип келет. 2010-жылы орус өкмөтү эгер реэкспорт токтобосо, күйүүчү майга бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирген. Кыргызстандык мунайчылардын "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын ошол учурдагы президенти Базарбай Мамбетов Орусия бул кадамын эми да кайталашы ыктымалдыгын эскертти:
"2010-жылы апрель окуясынын алдында Орусия бизге күйүүчү май сатууну токтотуп, "экспорттук төлөм менен аласыңар" деп шарт койгон. Биз атайын Москвага барып, орус өкмөтү менен сүйлөшүп, экспорт төлөмдөрүн кошпой жиберүүсүнө жетишкенбиз. Ошондон бери биз андай төлөмдөрсүз алып келдик. Эгер Орусия кайрадан төлөмдөрдү киргизсе, баалар эселеп кымбаттайт".
Дүйнөлүк базарда күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө. Адистер азыр 69 доллар турган мунайдын бир баррели 75 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Бир жыл ичинде жалпы дүйнөлүк базарда бензиндин баасы үч эсе кымбаттаса, дизелдик күйүүчү май эки эсе кымбаттады.
Ал эми жергиликтүү базарда күйүүчү майдын баасы май айында 2,5 сомдон 3,5 сомго чейин кымбатташы ыктымалдыгын "Кыргызстандын Нефтрейдерлер союзу" билдирди.